Улуттук крогоо министрлиги: "Түрк аба мейкиндигине багытталган баллистикалык дүрмөттөр жок кылынды"

Хакан Фидан кагылышуулардын жайылышына себеп боло турган бардык кадамдардан алыс болуу керектигин баса белгиледи.

By
Кыргызча соңку кабар / TRT Global

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирандан атылып Ирак жана Сирия аба мейкиндигинен өткөндөн кийин түрк аба мейкиндигине багыт алганы аныкталган баллистикалык ракетанын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жайгашкан НАТОнун аба жана ракетадан коргонуу элементтери тарабынан өз убагында атып түшүрүлгөнү билдирилди.

Аталган коркунуч абада жок кылынгандан кийин Хатай облусунун Дөртйол районуна түшкөн сыныктар боюнча министрлик төмөнкүдөй маалымат берди: Хатай облусунун Дөртйол районуна түшкөн ракетанын сыныгы абадагы коркунучту тоскон абадан коргонуу ок-дарыларына таандык экени аныкталды. Окуяда эч ким каза болгон жок жана жаракат алган жок.

"Коркунуч кайдан келсе келсин жооп кайтарылат"

Түркиянын аймактык туруктуулук жана тынчтыкты жактай турганы баса белгиленген билдирүүдө өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун түзүү тууралуу эрк жана мүмкүнчүлүгү эң жогорку деңгээлде экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө : «Кимден жана кайдан келсе келсин, жерибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздай алабыз. Аба мейкиндигибизди коргоого карата бардык кадамдар чечкиндүүлүк менен ташталат. Өлкөбүзгө карата ар кандай кастык мамилеге жооп берүү укугубуз сактала турганын эскертебиз", - деп айтылды.

Билдирүүдө бардык тараптар кагылышуунун жайылышына алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырылып, ушунун негизинде НАТО жана башка союздаштар менен кеңешүүлөрдүн улантылары белгиленди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министр Фидан сүйлөшүүдө Ирандан атылгандан кийин түрк аба мейкиндигине багыт алганы аныкталган жана  зыянсыздандырылган баллистикалык ок-дарылар боюнча Түркиянын реакциясын билдирди.

Аймактагы чыңалууга көңүлдөрдү бурган Фидан кагылышуулардын жайылышына себеп боло турган бардык кадамдардан алыс болуу керектигин баса белгиледи.