ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Нетаньяхуга Газадагы туткундарды алмаштыруу үчүн учурдагы сунушту кабыл алуу чакырыгы
Эйяль Замир: «Столдун үстүндө келишим бар, аны азыр кабыл алуу керек», - деди.
Нетаньяхуга Газадагы туткундарды алмаштыруу үчүн учурдагы сунушту кабыл алуу чакырыгы
Барымтадагылардын үй-бүлөлөрү Замирдин сөздөрүн жылуу кабыл алышты. / Reuters

Израилдин Башкы штабынын башчысы Эйяль Замир Газа тилкесин басып алуу планы барымтадагылардын өмүрүнө "олуттуу тобокелдиктерди" жаратарын эскертип, жекшемби күнү премьер-министр Биньямин Нетаньяхудан туткундарды алмаштыруу сунушун кабыл алууга үндөдү.

Бул чакырык Израилдеги туткундардын үй-бүлөлөрү жакындарын бошотуу үчүн келишимге жетүү талабын күчөтүп жаткан учурда айтылды.

Газаны басып алуу жана тургундарын башка жерге көчүрүү пландары уланып жатканда бейшемби күнү Нетаньяху бардык туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоону буйрук кылды.

Нетаньяхунун билдирүүлөрү жаңы шарттар менен келишим түзүүгө аракет кылып жатканын көрсөтүүдө, ал эми ортомчулар Египет-Катар сунушуна анын расмий жообун күтүп жатышат. Бул сунуш Израилдин мурдагы макулдашууларына негизинен шайкеш келип, жакында ХАМАС тарабынан кабыл алынган.

“Учурда келишим бар, аны азыр кабыл алуу керек”, - деди Замир Израилдин 13-каналына берген комментарийинде.

Ал кошумчалагандай, «Армия келишимдин аягына чыгышы үчүн шарттарды камсыз кылды жана чечим эми Нетаньяхунун колунда.

Армиянын башчысы Газа шаарына басып кирүү планы боюнча тынчсыздануусун кайрадан билдирди.

“Армия Газаны басып ала алат, бирок бул операция туткундардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн”, - деди.

Туткундардын үй-бүлөлөрү Замирдин билдирүүлөрүн кубатташты.

Эки этаптуу алмашуу

“Башкы штабдын жетекчиси, 50 туткунду бошотууну жана согушту токтотууну камтыган кеңири макулдашууну талап кылуусу Израиль элинин көпчүлүгүнүн көз карашын чагылдырат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Израилдин божомолуна караганда, ХАМАС 50 туткунду кармап турат, алардын ичинен 20сы тирүү, ал эми Тель-Авив 10,800дөн ашуун палестиналыкты камакка алган.

Жума күнү Коргоо министри Исраэл Кац армиянын Газа шаарына басып кирүү пландарын бекитип, оор аткылоо жана калкты көчүрүү убадасын берди.

12-каналдын маалыматына караганда учурдагы сунуш, гуманитардык жардамга мүмкүнчүлүк берүү үчүн чек арага жакын жерде Израилдин кайра жайгашуусу, 10 тирүү туткундун жана 18 израилдиктин сөөгүн палестиналык туткундарга алмаштырылышын көздгөгөн 60 күндүк убактылуу ок атышпоо, ошондой эле туруктуу ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камтыйт.

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада болжол менен 62 700 палестиналыкты өлтүрдү. Аскердик операция ачарчылыкка кабылган аймакты кыйратты.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Нетаньяху жана анын мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарган.

Ошондой эле Израиль аймакка каршы согушунан улам Эл аралык адилет сотунда геноцид доосу менен бетме-бет келүүдө.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти