ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Анкарада Израилдин Газага кол салууларына каршы нааразылык акциялары
Анкара Палестина тилектештик платформасынын (ANFIDAP) мүчөлөрү 2025-жылдын 10-октябрындагы ок атышууну токтотууга карабастан Израилдин Газага кол салууларына нааразылык билдиришти.
Анкарада Израилдин Газага кол салууларына каршы нааразылык акциялары
Анкарадагы Палестинаны колдогон нааразылык жүрүшү

АКШнын Анкарадагы элчилигинин алдында чогулган платформа мүчөлөрү "Ок атышууну токтотуу" жана "Эркин Газа, эркин дүйнө" деген жазуулары бар баннерлерди көтөрүп, Израилге жана АКШга каршы ураандарды чакырышты.

Палестина тилектештик платформасынын атынан сөз сүйлөгөн Хажы Айдемир 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газада 74 000ден ашык адам каза болгонун жана алардын 21 000ден ашыгы балдар экенин билдирди.

Айдемир 2025-жылдын 10-октябрында ок атышпоо күчүнө киргенден бери Израиль 1402 адамды өлтүргөнүн айтып, "Кирүүгө уруксат берилген фуралардын көрсөткүчү 52 пайызга чейин төмөндөдү. Египет коридорунда бул көрсөткүч 21% га азайды. Кыш жакындап келе жатат. Калктын 94 пайызы шашылыш баш калкалоочу жайга муктаж. Үй-бүлөлөрдүн 65 пайызы аба ырайынын шарттарына каршы дээрлик эч кандай корголбогон чатырларда жашашат" деп кошумчалады.

Газада чыныгы ок атышпоо аткарылбай жатканын айткан Айдемир мындай деди:

"Ок атышпоо келишимин бузуулар дароо токтотулушу зарыл жана АКШ өзүнүн бардык саясий салмагын кепил катары колдонушу керек. Бардык чек ара пункттары ачылышы, фуралардан жардам материалдарын түшүрүү көрсөткүчү 100% га көбөйтүлүшү жана жүк ташуучу унаалардын негизсиз кайтарылышы токтотулушу керек. Сары сызыктын сыртына жайгаштыруу токтотулуп, туруктуу оккупация четке кагылышы керек.

Эл аралык соттордун чечимдери аткарылышы зарыл жана жоопкерчилик саясий соодалашуунун темасы болбошу керек".

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады