Болгариянын премьер-министри Румен Радев өлкөгө расмий сапар менен барган Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини борбор калаа Софияда кабыл алды.
Жолугушуу алдында сүйлөгөн сөзүндө Радев Болгария электр унааларына, энергетикага, айыл чарба жана жогорку технологияларга инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттарды сунуштай турганын айтып, Вандын сапары бул тармактарда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө салым кошоруна ишенгенин билдирди.
Болгариянын Европа менен Кытайдын ортосундагы транспорт, энергетика жана санариптик байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү позицияга ээ экенин маалымдаган Радев, өлкөсү бул тармактарда Европага дарбаза катары кызмат кыла аларын айтты.
Ван болсо Радев стратегиялык көз карашы жана маселелерге прагматикалык мамилеси бар саясатчы экенин жана Болгариянын анын жетекчилиги астында олуттуу ийгиликтерге жетишерине ишенгенин билдирди.
Ошол эле учурда, кытайлык министр Ванды Болгариянын президенти Ильяна Йотова да кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы жаңжалдар талкууланды. Эки тарап тең жаңжалдарды чечүү үчүн активдүү дипломатиялык аракеттер зарыл деген пикирге келишти.

























