ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
CNN: Израиль жана АКШ Иранга басым жасоо үчүн ыктмалдуу чабуулга даярданууда
Вашингтон менен Тегерандын ортосунда Ормуз кысыгындагы чыңалуу күчөп жаткан маалда, Израиль менен АКШнын Иранга болгон кысымды арттыруу үчүн бул өлкөгө карата ыктымалдуу кол салууга даярданып жатканы айтылды.
CNN: Израиль жана АКШ Иранга басым жасоо үчүн ыктмалдуу чабуулга даярданууда
Ормуз кысыгы жана CENTCOM эмблемасы (Архив) / Reuters

Израилдик булак Американын CNN каналына берген маегинде Ирандагы энергетикалык инфраструктура жана жогорку даражалуу ирандык жетекчилердин бутага алынышы мүмкүн экенин белгилеп :"Максат - сүйлөшүүлөрдө Иранды көбүрөөк жеңилдиктерге барууга мажбурлоону көздөгөн кыска мөөнөттүү аскердик операцияны ишке ашыруу", - деди.

Израилдик булак аталган пландын негизги бөлүгү өткөн айдагы ок атышууну токтотуу келишимине чейин даярдалганын айтып, чабуулдардын башталышы АКШ президенти Дональд Трамптын акыркы чечимине көз каранды экенин белгиледи.

АКШнын Ормуз кысыгына багытталган "Эркиндик долбоору"

АКШ президенти Дональд Трамп 4-майдан тарта Ормуз кысыгында калып калган жана Жакынкы Чыгыштагы кризиске тиешеси жок «бейтарап» өлкөлөргө таандык кемелердин кысыктан өтүшүнө жардам бере баштай турганын жарыялап, муну «Эркиндик долбоору» деп атаган.

Эч бир өлкөнүн атын атабаган Трамп, аталган мамлекеттер үчүн «Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга эч кандай тиешеси жок дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген өлкөлөр» деген сөздөрдү колдонуп, операциянын көбүнчө гуманитардык максатта жүргүзүлөрүн белгилеген.

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) да бул процесске 15 миң аскер кызматкеринен тышкары, 100дөн ашык кургактык жана деңиз техникалары, ошондой эле башкарылуучу ракеталык эсминецтер менен аскердик колдоо көрсөтүлөрүн жарыялаган.

Ормуз кысыгындагы чыңалуу

Ирандын Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган жана Жаск аралына жакын жерде деңиз кыймылына коркунуч келтирүү менен айтылган АКШ деңиз флотуна таандык кемени 2 ракета менен бутага алганы билдирилген.

Ирандын жарым расмий «Тасним» маалымат агенттигиндеги кабарда Иран армиясынын АКШ флотунун кемесин бутага алуусуна тиешелүү маалыматтар бөлүшүлгөн.Макалада аталган АКШ кемеси радарын өчүрүп Ормуз кысыгына жакындап көргөнү, радарын кайра күйгүзгөндө аны байкап калышканы жазылган.

Иран тарабынан АКШ кемесине "ок атышууну токтотууну бузду" деген эскертүү билдирүүлөрү жөнөтүлгөнү, кеме эскертүүлөргө көңүл бурбагандыктан Иран армиясы кеменин айланасына эскертүү иретинде канаттуу ракета, учкучсуз учуучу аппарат (УУА) жана ракета учурганы белгиленген.

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) болсо Ирандын АКШ аскердик кемесине 2 ракета менен кол салгандыгы тууралуу дооматтарды негизсиз деп четке каккан.

Иликте
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"