ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия токой өрттөрү менен күрөшүү үчүн комплекстүү кийлигишүүлөрдү жүргүзүүдө
Өрт өчүрүүчү топтор 27 учак, 105 тик учак жана 14 учкучсуз учуучу аппараттан турган чоң аба флотунун колдоосу менен тынымсыз иштеп жатышат.
Түркия токой өрттөрү менен күрөшүү үчүн комплекстүү кийлигишүүлөрдү жүргүзүүдө
Efforts continue to extinguish wildfires in Türkiye. / AA

Жай мезгилинин башталышы менен Түркияда токой өрттөрүнүн саны кескин көбөйүп, расмий маалыматтарга караганда 1-июндан бери 1 миң 516 өрт катталды.

Дүйшөмбү күнү X платформасында билдирүү жасаган президент Режеп Таййип Эрдоган, өрт өчүрүүчү топтор 27 учак, 105 тик учак жана 14 учкучсуз учуучу аппараттан турган аба флотунун жардамы менен күнү-түнү иштеп жатканын ырастады.

Өрттөрдү көзөмөлгө алуу үчүн 6,000ге жакын өрт өчүрүүчү унаалар жана биринчи жардам көрсөтүүчү транспорттор, ошондой эле 25,000 токой кызматкерлери мобилизацияланды.

Эрдоган “Ушул учурга чейин 1,507 өрт көзөмөлгө алынды. Учактарыбыз жана тик учактарыбыз жалпы 10 миң 260 ирет 33 миң 200 тонна суу таштады” - деп кошумчалады.

Ошондой эле, өрттөрдү чыгарышы мүмкүн деп шектелген 31 адамдын кармалганын билдирди. Алардын ону камакка алынып, он киши соттун көзөмөлү алдында тергөө аяктаганга чейин бошотулганын айтты.

Президент Эрдоган өрттөн жабыркаган жарандарга тилектештигин билдирип, токой өрттөрүнүн дээрлик бардыгы адамдын шалаакылыгы же атайын жасалган аракеттерден келип чыкканын эскертти.

“Мамлекетибиз албетте бардык чараларды көрүп жатат, бирок эң негизгиси өрттүн чыгышына жол бербөө экенин эскертип коеюн”,-деген Эрдоган жарандарды алдыдагы эки айда максималдуу этият болууга жана “Жашыл мекенди” коргоого чакырды.

Иликте
Министр Фидан: "Биз аймактык маселелерди чечүүдө жоопкерчиликти алууну улантабыз"
Москвадагы төрт аэропортто дрон коркунучунан улам каттамдар убактылуу токтотулду
Эмине Эрдоган "Имам Бухари" күмбөзүн зыярат кылды
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда