ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Беларусь лидери Лукашенко АКШга чакыруу салды: Жеңилгениңерди кабыл алгыла, анан сүйлөшөбүз
Беларусь президенти Александр Лукашенко берген маегинде Вашингтон менен мамилелерди оңдоого болорун, мунун башталышы АКШнын 2020-жылдагы шайлоону жараксыз кылууга багытталган Батыш колдогон кампаниянын ийгиликсиз болгонун моюнга алышы керектигин айт
Беларусь лидери Лукашенко АКШга чакыруу салды: Жеңилгениңерди кабыл алгыла, анан сүйлөшөбүз
Александр Лукашенко Орусиянын Москва шаарында өткөн "Дүйнөлүк Атом Жумалыгы" эл аралык форумунун жыйынында сүйлөп жатат. 2025-жылдын 25-сентябры. [АРХИВ]. / Reuters

Лукашенконун алтынчы мөөнөткө шайланганын жарыялаган расмий жыйынтыктар митингчилердин "шайлоодогу бурмалоо" деп мүнөздөгөн абалга карата  нааразычылык  акцияларына жол ачкан. Россиянын лидери Владимир Путин Лукашенкону колдой турганын билдирсе батыштык өлкөлөр аны президент катары таануудан баш тартты. 1994-жылдан бери бийликте келе жаткан Лукашенко нааразычылык акцияларына миңдеген демонстрантты  камакка алуу менен жооп берди.

Лукашенко АКШда жайгашкан Newsmax медиа компаниясына берген интервьюсунда жана  шаршемби күнү жарыяланган билдирүүлөрүндө беларустар менен америкалыктардын келишим түзө ала турган"прагматист" элдер экенин билдирди.

Лукашенко буларды айтты: "Бул жерге келген кесиптештериңизге ачык айттым: мырзалар, жеңилүүнү кантип кабыл алууну билишиңер керек. Эгерде АКШ сыяктуу чоң өлкө 2020-жылы бизге каршы чабуул коюп, утулуп калган болсо, бул башталыш чекити".

Ал сөзүн: "Чыгып алып 'Утулдук' деп кыйкыруунун кереги жок, бирок баштапкы чекитибиз ушул болушу керек. Утулдук, бирок келгиле, эркекче жана сабырдуулук менен столго отуруп, жолубузду уланталы",- деп улады.

"Биз бир нерсени туура эмес кылдыкпы?"

АКШ жана башка батыш өлкөлөрү 2020-жылдагы шайлоолорго, адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу айыптоолорго жана Лукашенконун Путинге 2022-жылы Украинага кол салуу үчүн Беларустун аймагын колдонууга уруксат бергенине байланыштуу Беларуска санкция киргизишкен.

Акыркы жылдары АКШнын элчилери мамилелерди жакшыртуу жана батыш "саясий туткундар" деп эсептеген активисттерди бошотууну камсыз кылуу үчүн Беларуска барышкан. Өткөн аптада Лукашенконун маегине катышкан АКШнын Беларустагы өкүлү Жон Коул өлкөдө камакта отурган 123 адамдын бошотулушун камсыз кылган келишимге ортомчулук кылган.

Лукашенконун Newsmax каналына берген жана Беларусь мамлекеттик BelTA маалымат агенттиги тарабынан да жарыяланган маегинде, өлкөсүнүн АКШ менен жакшы мамилелерди түзүүнү каалай турганы баса белгиленди.

Лукашенко төмөнкү суроолорду берген: "Эмне үчүн америкалыктар менен болгон мамилебиз начар? Биз АКШга кандайдыр бир жаман иш кылдыкпы? Эч нерсе. Анда эмне үчүн бизге мынчалык шектенүү менен карайсыңар?"

"Мен келечек муундарга көйгөйлөрдү калтыргым келбейт"

 Өзүнүн жетекчилиги учурунда пайда болгон көйгөйлөрдүн келечек муунга өтүшүн каалабай турганын айткан Лукашенко, эки өлкөнүн Вашингтондун Венесуэла менен болгон пикир келишпестиктерин чечүү үчүн биргелешип иштей аларын билдирди. Венесуэла лидерлери менен болгон жакшы мамилелерине токтолгон Лукашенко: "Ал жерде чогуу иштей алабызбы? Ооба, иштей алабыз", - деди.

Иликте
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
Украина: "Орусиядагы мунай иштетүүчү завод менен Мариновка аскердик аэродромуна чабуулдарды жасадык"
Нигерияда кеме оодарылып, 52 адам каза болду
Гутерриш Орусиянын Киев жана Украинанын башка шаарларына чабуулдарын катуу айыптады
Орусия Москва Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого кысым көрсөтпөгөнүн айтты
Россия: "Киевдин позициясы кризисти тынчтык жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн начарлатууда"
Израиль түнү менен Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Эгер жаңы согуш башталса, дагы да кыйратуучу куралдарды колдонобуз"
Зеленский Киевге жасалган кол салууларда каза болгондордун саны  12ге жеткенин билдирди
Түштүк Корея: "Түндүк Кореяда 80-120 ядролук курал бар деп болжолдонууда"
НАТО Орусиянын Калининград облусунуна жакын аймакта аба машыгуусун өткөрдү
Иран: АКШнын "Экономикалык D-Day операциясы" өзүнүн кризисин жашыруу аракети
Румыниянын Украина чек арасына жакын токойлуу аймакка бир жума ичинде экинчи жолу дрон кулап түштү
НАТО Ирандын Европадагы АКШ объектилерине карата ыктымалдуу кол салууларына даяр
Кытайдын түндүгүндөгү имаратта чыккан өрттөн 8 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды
Пезешкиан: "Акылмандык, ар-намыс жана өз кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен сүйлөшөбүз"
Израилдин Газадагы полиция пунктуна кол салуусунан каза болгондордун саны 9га жетти