ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Технофестте Түркиянын "Болот купол" абадан коргонуу системасы көрсөтүлдү
Коргонуу, авиация жана аскердик техникалар көрсөтүлгөн бул иш-чара кызыгуу жаратууну улантууда.
Технофестте Түркиянын "Болот купол" абадан коргонуу системасы көрсөтүлдү
/ AA

Түрк коргонуу компаниясы ASELSAN Стамбулдагы Teknofest иш-чарасында «Болот купол» системасын карап чыгуу аянтын ачты. Бул аянтта коноктор абадан келген коркунучтарга каршы системанын иштөө процессин симуляция аркылуу көрө алышат.

Беш күнгө созула турган технология жана авиация фестивалы Teknofest шаршемби күнү Стамбулда эшигин ачты. Бул иш-чара Түркиянын Технология Командасы (T3) Фонду менен Түркиянын өнөр жай жана технология министрлиги тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын алкагында технологиялык мелдештерден тартып учуу көрсөтүүлөрүнө чейин көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ошондой эле «Болот купол» абадан коргонуу системасынын ар кандай элементтери да көргөзмөгө коюлду.

Өнүккөн сүрөттөө технологияларын колдонуу менен коноктор «Болот купол» компоненттеринин коркунучтарга каршы кантип коргонууну камсыз кылганын көрө алышат.

Түркиялык компания TF6000 кыймылдаткычын сынады

TUSAŞ Мотор өнөр жайы (TEI) өзүнүн TF6000 турбофан кыймылдаткычын сынап көрдү. Бул кыймылдаткыч толугу менен ата мекендик деңгээлде иштелип чыгып, өндүрүлгөн.

TEI жетекчиси Махмут Акшит бул кыймылдаткыч Түркиянын Anka 3 сыяктуу учкучсуз учуучу аппараттары үчүн иштелип чыкканын айтты.

Ал ошондой эле кыймылдаткычтын TF10000 аттуу күйүүчү версиясы бар экенин, анын күчү 10.000 Ibf же андан жогору экенин жана Түркиянын Кызылелма сыяктуу чоңураак учактары үчүн колдонуларын түшүндүрдү.

Акшит «Күйүүчү версия, кыймылдаткычтын арткы бөлүгүндө жайгашкан. Бул версия менен биз TF6000 кыймылдаткычыбыздын күчүн 10.000 lbf түртүү классына чейин көтөрө алабыз», – деди.

Иликте
Президент Эрдоган Алжирдин президенти Теббун менен cүйлөштү
Кувейт Ирандын  кол салууларын айыптады
Россия менен Афганистан аскердик кызматташтык келишимге кол коюшту
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Азербайжанды куттуктады
АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтүү акысы үчүн санкция салды
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
Эрдоган: «Түркия дүйнөдө сейрек кездешүүчү ийгилик аңгемесин жазып жатат»
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү