ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Тунистин президенти премьер - министрди кызматтан алды
Тунисте саясий чыңалуу күчөп турган кезде болгон кабинеттеги өзгөртүүлөр араларында ишкерлер жана медиа кызматкерлери да болгон ондогон оппозициячылдын эки жылдан ашуун убакыттан бери абакта жаткан учурга туш келди.
Тунистин президенти премьер  - министрди кызматтан алды
/ AFP

Тунистин президенти Кайс Саид бейшемби күнү кечинде чыгарган жарлыгы менен премьер-министр Камел Мадурини кызматтан алды. Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшкөн өлкөдө Мадуринин ордуна коомдук иштер министри Сарра Заафрани Зензри дайындалды.

Өткөн август айындагы кабинетти өзгөртүү учурунда премьер  - министрлик кызматына келген Мадуринин акыркы мезгилдерде аткарган иштерине нааразычылык билдирген Саид өкмөттүн иштеринде жетерсиз болуп жаткандыгын айткан.

Карызга баткан Тунис төмөнкү өсүү катнашы жана жогорку жумушсуздук менен күрөшүүдө. Президенттик жоопкерчиликтерин кеңейткан Саид  2024 -  жылдын август айында  Мадурону дайындап, 19  министрди да кызматан алып, бул өзгөрүүлөрдү «мамлекеттин жогорку кызыкчылыктары» менен «улутту коопсуздук»  деген негиз менен жактаган.

2019 -  жылы президент болуп шайланган Саид араб жазынан демократия менен чыккан бир гана өлкө болгон Тунисте  2021 -  жылы ишке ашырган кенен масштабдуу күч консолидациялоосу менен сынга дуушар болгон. Оппозициячылдар бул кадамдардын демократиялык укуктарды жана эркиндиктерди чектегендигин жактап, колдоочулары болсо Саиддин ондогон жылдан бери келе жаткан коррупция жана бюрократиялык олдоксондук менен күрөшүп жаткандыгын ортого салышууда.

12 миллиондон ашык калктуу өлкөдө кээ кээде сүт, кант жана ун сыяктуу негизги азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги байкалууда.  Ал  эми жумушсуздуктун деңгээли жогору. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Тунистин 2025-жыл үчүн экономикалык өсүү катнашын 1,6 пайыз деп болжолдоодо. Өлкөнүн карыз жүгү Саид кызматка келген  2019 -  жылы  ички дүң продуктунун (ИДП) 67 пайызына барабар болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 80 пайызга жетти.

Саид 2024-жылы октябрда болгон шайлоодо 90 пайыздан  добуш менен кайра шайланган. Бирок шайлоого катышуу көрсөткүчү 30 пайыздан төмөн бойдон калганы көңүлдөрдү бурган.

Февраль айында президент Саид түн жарымында чыгарган жарлыгы менен каржы министри Сихем Богдири Немсияны кызматтан алып, ордуна судья Мичкет Слама Халди дайындаган.

 

Иликте
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда