ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Укук коргоо уюму : Израил камактагы палестиналык лидер Баргутини өлтүрүүнү пландап жатат
Марван Баргутинин уулу Израилдин күчтөрү атасынын денесин эзип, тиштерин, кабыргаларын жана манжаларын сындырып, кулагынын бир бөлүгүн кесип салганын айтты.
Укук коргоо уюму : Израил камактагы палестиналык лидер Баргутини өлтүрүүнү пландап жатат
Баргути, ФАТХтын Борбордук Комитетинин мүчөсү жана Палестина саясатындагы көрүнүктүү ишмер, 2002-жылы Израил тарабынан камакка алынган. / AP

Марван Баргутиге каршы олуттуу чабуулдар тууралуу айыптоолордон жана аны бошотуу боюнча эл аралык чакырыктардын көбөйүшү менен Палестиналык туткундар ассоциациясы Израиль абагында палестиналык лидерди өлтүрүү боюнча "коркунучтуу кутум" тууралуу эскертти.

Уюмдун башкы директору Амжад ал-Нажжар жума күнү жасаган билдирүүсүндө: «Марван Баргутиге каршы кол салуулардын күчөшү жана эл аралык коомчулуктун жана айрым адамдардын аны тез арада бошотуу чакырыктары оккупациялык өкмөттүн аны камакта отурганда жок кылуу боюнча кооптуу ниеттерин чагылдырат. Бул андан да оор кылмыш жана эл аралык гуманитардык укукту ачык бузуу»,- деди.

Ал-Нажжар БУУ жана эл аралык уюмдарды "шашылыш чараларды көрүүгө" жана "лидер Баргутини зыярат кылуу үчүн комитет жөнөтүүгө, камерадагы шарттарын карап чыгууга жана кеч болуп кала электе анын бошотулушун камсыз кылуу жана өмүрүн сактап калуу үчүн реалдуу кысым көрсөтүүгө" чакырды.

ФАТХтын Борбордук Комитетинин мүчөсү жана Палестина саясатындагы көрүнүктүү инсан Баргути 2002-жылы Израиль тарабынан камакка алынып, киши өлтүрүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча соттолгон. Беш өмүр бою эркинен ажыратылган Баргути палестиналыктардын арасында кадыр - барктуу адам.

Үй-бүлөсү Баргутинин зомбулукка учураганын айтууда

Камактагы лидердин уулу Касем Баргути Facebook баракчасына мурдагы туткундардын бири ага Израил күчтөрүнүн "атасынын денесин эзип, тиштерин, кабыргаларын жана манжаларын сындырып, кулагынын бир бөлүгүн кесип салышканын" айтканын жазган.

Касем Баргути бул булакка жетүү аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтып : “Кандайдыр бир маалымат алуубузга жардам берүү үчүн колубуздан келген бардык расмий жана мыйзамдуу мекемелер менен байланыштык бирок ушул кезге чейин ийгиликтүү боло абадык”,- деп жазды.

Палестина Президенттиги тарабынан берилген жооп

Палестина Президенттиги Баргуттиге карата «уланып жаткан кол салууларды жана коркунучтуу жооп кайтаруу чараларын” айыптап, Израиль өкмөтүн Баргутинин жана Израилдин колундагы бардык туткундардын коопсуздугунан толугу менен жана түздөн - түз жооптуу экендигин айтты.

Э аралык коомчулукту, адам укуктары уюмдарын жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетин Израилдин эреже бузууларды токтотуусуна басым жасап, «дароо жана чукул түрдө аракет кылууга” чакырды.

Мурдагы коркутуулар жана саясий кызыкчылыктар

Ошол кездеги Израилдин маалымат каражаттары жарыялаган видеого ылайык, Израилдин ашынган оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир 18-февралда Баргутинин камерасына рейд жүргүзүп ага өлүм жазасын берүү менен коркуткан.

Аналитиктер, өзгөчө Израилдин Газадагы кыргындан кийинки өзгөрүүлөрдүн ортосунда Баргутини палестиналыктарды “эки мамлекеттүү чечим” идеясынын айланасында бириктире ала турган бириктирүүчү фигура катары көрүшүүдө.

Нетаньяху өкмөтү көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө каршы чыгууну улантууда.

АКШ президенти Дональд Трамп 23-октябрда Баргутинни бошотуу тууралуу кысым жасап же жасабай тургандыгына байланыштуу чечим чыгарарын айткан бирок азырынча эч кандай чечим жарыялана элек.

Палестиналык жана израилдик адам укуктары уюмдарынын билдирүүлөрү боюнча Израиль түрмөлөрүндө ичинде аялда менен балдар да болгон 10 000ден ашык палестиналык туткун бар жана "кыйноолорго, ачкачылыкка жана медициналык кароосуздукка" дуушар болушууда.

Иликте
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды
Түркия менен катар 7 өлкө Израилге каршы чыгышты
Орусия Украинадагы аскердик өнөр жай объектилерине жана кемеге сокку урганын жарыялады
Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, Түркия жабырлануучуларга көңүл айтты
Иран Трамптын Ормуз кысыгы боюнча билдирүүсүн четке кагып, "Ирандын аймагы бойдон каларын" билдирди
ХамаХамас Газадагы ок атышууну токтотуу келишимин туруктуу кылуу үчүн Каирге барат