ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Суматрада сел апаатынан 200дөн ашуун адам каза болуп, ондогон адам дайынсыз жоголду
Жетекчилер каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигинен кооптонгон бир топ аймакка жетүү мүмкүн эмес экендигин билдиришти.
Суматрада сел апаатынан 200дөн ашуун адам каза болуп, ондогон адам дайынсыз жоголду
Түндүк Суматрадагы Дели Серданг шаарында катуу жааган жамгырдан кийин аймакты суу каптады / Reuters

Индонезиядагы сел жана жер көчкүдөн улам 200дөн ашуун адам каза болду бул тууралуу кырсыктар боюнча жооптуу кызматкерлер билдиришти.

Батыш Суматра аймактык кырсыктарды башкаруу агенттигинин өкүлү Илхам Вахаб жума күнү кечинде берген билдирүүсүндө: "Бүгүнкү кечке карата 61 адам каза болду, 90 адам дайынсыз болууда", - деди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Түндүк Суматрада 116 адам каза болуп, Ачех провинциясында болсо каза болгондордун саны кеминде 35ке жеткендиги маалымдалды.

Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттигинин (BNBP) башчысы Сухарянто буга чейин Түндүк Суматранын эң көп жабыркаган провинция болгонун билдирген. Кырсыкка каршы күрөш төртүнчү күнү да улантылууда, издөө иштерине татаал рельеф, бузулган транспорттук жолдор жана ыңгайсыз аба шарттары терс таасирин тийгизүүдө.

Бийлик көптөгөн жабыркаган аймактарга жетүүгө мүмкүн эместигин белгилеп, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн кооптонууда.

Татаал рельеф оор техниканын кирүүсүнө тоскоол болгон аймактарга аба аркылуу жардам жеткирүү аракеттери көрүлүүдө.

Бийлик аймактык башкаруу органдарына эң көп эвакуациялык борборлордо медициналык пункттарды жана коомдук ашканаларды түзүүнү тездетүүнү тапшырып, жергиликтүү бийликтер менен байланыштын үзгүлтүксүз жүрүп жатканын, маанилүү логистикалык муктаждыктар аныкталып, жоготуулар тууралуу маалыматтардын берилип жатканын билдирди.

Иликте
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Сауд Арабиясы Ирактан Чыгыш-Батыш мунай кууруна кол салуу болгонун жарыялады
Казакстан менен Түркия кайра кабыл алуу келишимине кол коюшту
Өзбекстан түрк дүйнөсүнө ылайыктуу алфавитке өтүү боюнча мыйзам кабыл алды
Путин Европа аскерлеринин Украинага жайгаштырылышын "Россия менен согуш" деп мүнөздөдү
Пезешкиан: АКШнын Иранга болгон кысымы "коркунучтуу" баскычка жетти
Түркия Греция армиясынын Анадолудагы зомбулуктарына байланыштуу документтерди жарыялады
Түрк мамлекеттеринин арасында "ТҮРКПОЛ" уюму түзүлүүдө