ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп АКШга өзөктүк куралдарды сыноону баштоого буйрук берди
АКШнын президенти Дональд Трамп: "Башка өлкөлөрдүн сыноо программаларынан улам, Согуш министрлигине өзөктүк куралдарыбызды бирдей негизде сыноодон өткөрүүнү тапшырдым",- деди.
Трамп АКШга өзөктүк куралдарды сыноону баштоого буйрук берди
Трамп АКШга өзөктүк куралдарды сыноону баштоого буйрук берди / AP

АКШ президенти Дональд Трамп Кытай жана Россия менен бирдей деңгээлде өзөктүк курал сыноолорун өткөрүү үчүн Пентагонго буйрук бергенин, Кытай лидери Си Цзиньпин менен жогорку тобокелдиктеги саммитке киришүүсүнө бир нече мүнөт калганда билдирди.

Бейшемби күнү жасалган бул кадам Россиянын президенти Владимир Путиндин Вашингтондун эскертүүлөрүнө карабастан, Москванын өзөктүк дүрмөттү көтөрө ала турган жана атомдук энергия менен иштеген капитансыз суу астындагы кемесин ийгиликтүү сынаганын айтуусунан бир күндөн кйин келди.

"Башка өлкөлөр тарабынан жүргүзүлгөн сыноо программаларынан улам, Согуш министрлигине өзөктүк куралдарыбызды бирдей деңгээлде сыноодон өткөрүүнү тапшырдым", - деп жазган Трамп социалдык медиада.

Трамп Америка Кошмо Штаттарынын башка өлкөлөргө караганда дагы көп атомдук куралга ээ экенин белгилеп, учурдагы куралдарды "толугу менен жаңыртуу жана алмаштыруу" боюнча аракеттерине жогору баа берди.

Өзгөчө: "Россия экинчи орунда, ал эми Кытай үчүнчү орунда турат, бирок беш жылдын ичинде бизге жетишет", - деди.

Эл аралык атомдук куралсыздануу кампаниясы (ICAN) тогуз өлкөнүн өзөктүк куралга ээ экенин белгиледи: Россия, Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Франция, Улуу Британия, Пакистан, Индия, Израиль жана Түндүк Корея.

Трамп сыноолордун мүнөзү тууралуу кенен маалымат берген жок, бирок процесстин "дароо башталарын" билдирди.

"Муну алдын алуунун эч кандай жолу жок."

Путин шаршемби күнү атомдук дүрмөттөрдү алып жүрүүгө жөндөмдүү жана атомдук энергия менен иштеген суу астындагы капитансыз кеменин ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялады; бул бир нече күндүн ичинде ишке ашырылган экинчи курал сыноосу болду.

Путин Украинадагы жараланган орус аскерлери дарыланып жаткан аскердик госпиталдан берилген сөзүндө "Посейдон" деп аталган капитансыз торпедонун "тоскоолдукка учуратылышынын мүмкүн эмес экендигин" айтты.

Путин "Посейдондун" кадимки суу астындагы кемелерден дагы ылдам жүрө аларын, тереңге сүңгүп кире аларын жана дүйнөнүн каалаган континентине бара аларын айтты.

Жекшемби күнү канаттуу ракета сыноосунан кийин Трамп Путинди сындап, ракеталарды сыноонун ордуна Украинадагы согушту токтотушу керектигин айткан.

Өткөн аптада Будапештте өткөрүлүшү пландаштырылган Трамп менен Путиндин саммити жокко чыгарылды.

1945-жылдын 16-июлунда Нью-Мексикодо биринчи атом бомбасы сыноосу өткөрүлгөндөн 1992-жылга чейин Америка Кошмо Штаттары 1054 ядролук сыноо жүргүзгөн жана Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Японияга эки ядролук чабуул жасаган.

АКШнын акыркы атомдук сыноо жарылуусу 1992 - жылы сентябрь айында Невада атомдук коопсуздук мекемесинде жер астында жүргүзүлгөн 20 килотонналык сыноо болгон.

1992-жылдын октябрь айында ошол кездеги президент Жорж Буш кийинки жаңы сыноолорду токтотуу чечимин чыгарды жана мораторий кийинки администрациялар тарабынан улантылды. Ядролук сыноолордун ордун өркүндөтүлгөн компьютердик симуляцияларды колдонуу менен жүргүзүлгөн атомдук эмес, "субкритикалык" сыноолор алды.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди