ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын Газа тууралуу сүйлөшүү үчүн Катарга барды
Ибрагим Калын Хамас менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан өлкөлөр менен АКШ президентинин Газа боюнча 20 пункттан турган планын талкуулайт.
Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын Газа тууралуу сүйлөшүү үчүн Катарга барды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын / AA

Коопсуздук булактары Түркия Республикасынын Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Катарга барганын билдирди.

Булактардын билдиргенине караганда Калын Катар, АКШ жана Египеттин ортомчулугунда Хамас жана Израилдин ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөргө катышкан тараптар менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Трамптын Палестина аймагындагы согушту токтотууга карата сунуштаган планы болот.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари Дохадагы маалымат жыйынында Түркиянын кеңири план боюнча талкууларга катыша турганын айтты. Өзгөчө Катар, Египет жана Түркиянын аракеттеринин координациялуу түрдө жүргүзүлөрүн, кагылышууну токтотууга карата биргелешкен аракеттин көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Трамп дүйшөмбү күнү Вашингтондо геноцидчи Нетаньяху менен өткөргөн биргелешкен пресс - жыйында Газа ок атышпоо планынын негизги пункттарын билдирди.

20 пункттан турган план бардык израилдик туткундар менен палестиналык туткундардын да бошотулушун, Палестинанын "Хамас" каршылык көрсөтүү тобунун куралсыздандырылышын жана аймакты убактылуу башкаруу үчүн Палестина комитетин түзүүнү камтууда.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту