ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Эфиопия Африкадагы эң чоң дамба болгон 4,5 миллиард долларлык дамбаны ачты
Көк Нил долбоору Эфиопия үчүн улуттук бурулуш катары макталып Египет менен Судандын сынына кабылды.
Эфиопия Африкадагы эң чоң дамба болгон 4,5 миллиард долларлык дамбаны ачты
/ Reuters

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед шейшемби күнү аймактык лидерлердин жана чет элдик расмий өкүлдөрдүн катышуусунда Африкадагы эң ири гидроэлектр долбоору болгон 4,5 миллиард долларлык Улуу Эфиопиянын Кайра жаралуу дамбасын (GERD) ачты.

2011-жылы маркум премьер-министр Мелес Зенавиденин убагында башталган долбоор, Көк Нилдин үстүндө жайгашып, өнөкөт электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана экспортун көбөйтүү максатында 5150 мегаватт электр энергиясын өндүрүү үчүн иштелип чыккан.

Бул долбоор толуr жергиликтүү каражаттар менен ишке ашырылганы айтылып, Египет жана Судан тарабынан суу коопсуздугуна тийгизген таасиринен улам көптөн бери тынчсыздануу менен байкалууда.

Эфиопия плотина курууysy улуттук биримдиктин символу жана аймактык кызматташтыкка карай кадам экенин, ошондой эле төмөнкү агымдагы өлкөлөргө да чоң пайда алып келерин жактап жатат.

Эфиопия үчүн ГЭС тарыхый масштабдагы улуттук долбоор жана ички кагылышуулардан улам бытыранды болуп жаткан өлкөдөгү бириктирүүчү сейрек кездешүүчү символ.

Судандын чек арасына жакын Көк Нил дарыясы аркылуу эки километрге жакын созулган жана бийиктиги 145 метрди түзгөн 4 миллиард долларлык мегаструктура 74 миллиард куб метр сууну кармап, 5000 мегаватт электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкталган. Бул Эфиопиянын азыркы кубаттуулугунан эки эсе ашык.

"Геосаясий көтөрүлүш"

Мааракелер дүйшөмбү күнү кечинде чырактар, лазерлер жана "геосаясий көтөрүлүү" жана "келечекке секирүү" деген ураандар жазылган дрон шоулары менен башталды. Премьер -министр Абий Ахмед иш-чараларга катышты.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Эфиопиянын 130 миллион калкынын болжол менен 45 пайызы электр энергиясына жетпей жатат. Ал  эми Аддис-Абебадагы электр энергиясынын тез-тез өчүрүлүшү ишканаларды жана үй чарбаларын генераторлорго көз каранды кылууда. Аналитиктердин айтымында, 2011-жылдан бери курулуп жаткан ГЭС Эфиопиянын экономикасын өзгөртүп, өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүп, электр унааларына өтүүгө мүмүкнчүлүк түзүп, Танзанияга чейин созулган аймактык байланыштар аркылуу энергияга муктаж коңшу өлкөлөрдү электр энергиясы менен камсыздай алат.

"Экзистенциалдык коркунуч"

Кошуна мамлекет Египет суу муктаждыгынын 97 пайызын Нил дарыясынан камсыздайт жана жакындап келе жаткан кырсыктын белгилерин көрүүдө.

110 миллион калкы жана жаан-чачыны аз болгон Египет дарыяга көз каранды.

Президент Абдел Фаттах ас-Сиси бир нече жолу дамбанын “экзистенциалдык коркунуч” экендигин айткан жана Египет өзүнүн суу коопсуздугун коргоо үчүн эл аралык укуктун алкагында бардык чараларды көрө турганын баса белгилеген.

 Сиси өткөн айда журналисттерге: "Мисирдин суу укуктарын этибарга албай коюуга болот деп ойлогондор жаңылышат", - деп билдирди.

Бул тирешүү аймактык атаандаштыкты ого бетер күчөттү. Египет Эфиопия менен мамилеси начарлаган Эритрея жана Сомали менен байланышын чыңдап, агымдын азайышынан тынчсызданган Судан менен тыгыз координацияда иштеп жатат.АКШнын, Дүйнөлүк Банктын, Россиянын, БАЭнин жана Африка Биримдигинин он жылдык арачылык аракеттери ийгиликсиз болду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Иликте
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду