ТҮРК ДҮЙНӨСҮ
2 мүнөт окуу
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Чыңгыз Айтматов туулган Шекер айылындагы "Айтматов ааламы" комплекси чебер жазуучунун мурасын келечек муундарга өткөрүп берүү жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытууну максат кылууда.
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданият жана эстелик комплекси ачылды
Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматовдун айылында маданий жана эстелик комплекси зыяратчылар үчүн ачылды

Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган "Айтматов ааламы" маданий-мемориалдык комплекси туулган жери Шекер айылында расмий түрдө ачылды.

Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылындагы аземге катышкан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алма" повестин символдоштурган жасалма алма дарагынын алдында сөз сүйлөдү. Бул повесть үй-бүлөлүк байланыштардын, никедеги жоопкерчиликтердин жана көп учурда өмүрдүн акыркы мезгилинде табылган чыныгы сүйүүнүн баалуулугун чагылдырат.

Жапаров дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр байыркы тарыхын жана улуттук баалуулуктарын технологиялык жетишкендиктер менен бирге өнүктүрүп жатканын жана Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы өздөрүнө "Жаңы Кыргызстанды" курууда жол көрсөтөрүн билдирди.

Айтматовдун мурасын ушул имараттын дубалдарында сактап калуу менен бирге, аны келечек муундарга терең жеткирүүнү максат кылып жатканын айткан Жапаров кыргыз элинин руханий дүйнөсүндө өзгөчө орунду ээлеген бул долбоор Айтматовдун туулган жерин гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган маанилүү кадам экенин белгиледи.

Курулушу башталгандан кийин көп жылдар бою токтоп калган "Айтматов ааламы" долбоору акыры бүткөнүнө сыймыктанганын билдирген Жапаров, иштин ишке ашышына салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов менен татар тектүү театр артисти Нагима Айтматованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн жазуучу 2008-жылы орус телеканал үчүн даректүү тасма тартуу үчүн барган Татарстандын борбору Казанда ооруп калган.

2008-жылы 10-июнда Германияда 79 жашында дарыланып жатып каза болгон Айтматовдун сөөгү борбор шаар Бишкектеги Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги атасынын мүрзөсүнүн жанына коюлган.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Россиянын дрон чабуулдарынан улам Украинанын Волынь облусунда 370 миң адам электр жарыгысыз калды
Трамптын Зеленскийге реакциясы: "Путин менен иштешүү оңоюраак"
АКШда башталгыч мектептеги куралдуу кол салуудан 3 окуучу жана 1 мугалим каза болду
Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын эки беттешинде эки жеңишке жетишти
Нигерияда Боко Харамдын аскердик базага кол салуусунан 14 адам каза болду
Израилдин аскерлери Сириянын аймагындагы үйлөрдү тинтип, айыл чарба жерлерине ок чыгарышты
Фидан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммиттинде сөз сүйлөдү
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы чек ара көпүрөсү 12 жылдан кийин ачылды
Пезешкиан: Өлкө революциядан бери эч качан мындай катуу кысымга жана кыйынчылыктарга туш болгон эмес
Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болду
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Орусия: "АКШга дизель жеткирүү 2-3 жуманын ичинде башталышы мүмкүн"