ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган: Түркия коргонуу долбоорлору боюнча европалык өнөктөштөрү менен кызматташуусун тездетет
Президент Режеп Таййип Эрдоган өлкөдө же коңшуларынын жеринде террордун болушун каалабаганын айтты.
Эрдоган: Түркия коргонуу долбоорлору боюнча европалык өнөктөштөрү менен кызматташуусун тездетет
Президент Эрдоган Түркия улуттук коргонуу долбоорлорун тез арада алдыга жылдыра турганын билдирди. / AA

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын улуттук коргонуу долбоорлорун "тез" илгерилетип, Европадагы өнөктөштөрү менен "өз ара пайдалуу болуу" принцибиндеги коргонуу кызматташтыгын күчөтөрүн билдирди.

Эрдоган дүйшөмбү күнү Анкарада министрлер кабинетинин жыйынын жетектегенден кийин өткөргөн маалымат жыйынында: "Жергиликтүү жана улуттук коргонуу долбоорлорубузду тез арада ишке ашырып жатып, европалык өнөктөштөрүбүз менен коргонуу жаатындагы кызматташтыгыбызды эки тарапка тең пайдалуу негизде бекемдейбиз", - деди.

Өлкөнүн коргонуу долбоорлоруна токтолгон Эрдоган жергиликтүү аскердик учак KAANдын белгиленген график боюнча Түркиянын аба күчтөрүнүн инвентарына киргизилерин айтты.

"HURJET өз тармагында лидерликке умтулуп жаткандай эле, бардык процесстер аяктаганда, KAAN дагы өз категориясында эң жогорку деңгээлге жетүүгө аракет кылат," - деп кошумчалады Эрдоган.

Террордон тазаланган өлкө куруу аракеттерине токтолгон Эрдоган Түркиянын жана башка коңшу өлкөлөрдүн жерлеринде террорду каалабагандыгын баса белгиледи жана мамлекеттин террорго каршы көптөгөн жылдардан бер жүргүзүп келе жаткан күрөшүн эске салды.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды