Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга келгенин жана президент Режеп Таййип Эрдоган менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди.
Украинанын президенти Зеленскийди Стамбулда Түркиянын улуттук коргоо министри Яшар Гүлер тосуп алды.
Зеленский АКШнын X социалдык тармагындагы баракчасына: «Командабыз менен Стамбулга келдик. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз», — деп жазды.
Ал Украинанын коопсуздугун чыңдоо, Түркия менен эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө жана конкреттүү дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу боюнча иш алып барып жатышканын белгиледи. Ошондой эле күн тартибинде Кара деңиздеги деңиз транспортуна байланыштуу маанилүү маселелер бар экенин айтты.
Зеленский Стамбулда Константинополдун православ патриархы Варфоломей менен да жолугушуу пландалганын билдирип, Украинаны колдогондордун баарына ыраазычылык айтты.
Түркиянын президенттик администрациясынын коммуникациялар башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран буга чейин Эрдоган менен Зеленскийдин жолугушуусунда Түркия менен Украинанын эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жасала турган кадамдар, ошондой эле Орусия-Украина согушу жана Кара деңиздеги коопсуздук абалы баш болгон аймактык жана эл аралык маселелердин талкууланарын билдирген.





















