ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин : "Россияга карата атомдук чабуул Украинанын акыркы катасы болот"
Путин Украинанын "ыплаc бомба" колдонууну пландагандыгына байланыштуу так бир далилдин жок экендигин кабыл алды бирок орус жерине бир бомба атыла турган болсо 'ошондой эле жол менен жооп кайтарыларын' айтты.
Путин : "Россияга карата атомдук чабуул Украинанын акыркы катасы болот"
/ AA

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын Россияга каршы атомдук курал колдонушу Киевдин “акыркы катасы” болорун эскертти.

Жума күнү Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Путин эгер Украина Россиянын аймагына "ыплас бомба" таштоого аракет кыла турган болсо, Москванын да ушундай эле жол менен жооп кайтарарын айтты.

"Бул азыркы учурда Украинада иштеп жаткан неонацисттер деп аталган кишилердин абдан чоң жаңылыштыгы болот; балким, алардын акыркы катасы", - деди.

Путин Россиянын атомдук доктринасы бар болуу коркунучуна каршы катуу жооп кайтарууну болжолдой турганын баса белгилеп, Киев үчүн кесепеттери оор болорун эскертти.

«Биздин жообубуз неонацисттик режим үчүн да, Украинанын өзү үчүн да өтө катаал, балким кыйратуучу болот», - деди.

Бир тараптан Путин азыркы учурда Украинанын ыплаc бомба колдонууну пландап жаткандыгына байланыштуу далилдин жок экендигин кабыл алды.

"Кудайга шүгүр, бизде мындай ниетти далилдей турган эч кандай далил жок. Бирок, кимдир бирөөнүн оорулуу акылында ушундай ой пайда болушу мүмкүн деп болжоп жатабыз", - деди.

Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан Россиянын аймагына кайталанган кол салуулардан жана акыркы Курск облусуна жасалган чабуулдан кийин Украинанын чек арасы боюнча "коопсуздук зонасын" түзүшкөнүн жарыялады.

Путин украин аскерлери Россиянын Курск аймагына “киргенин” жана “жай тургундарга каршы кылмыш жасаганын” билдирди.

Путин буга жооп катары орус аскерлеринин кол салуучуларды “олуттуу жоготууга учуратканын” жана аларды аймактан кууп чыкканын айтып, ошондуктан Москванын чек ара аймагын коргоо чечимин чыгаргандыгын кошумчалады.

Путин буфердик зонанын 8 километрден 12 километрге чейин ичкери кириши мүмкүн экенин жана бул зонанын ары жагында Украинанын түндүк-чыгышындагы Сумы облусунун борбору жайгашканын белгиледи.

"Бул аймактан ичкери кирүү болжол менен 10дон 12 километрге чейин — кээде 8, кээде 12 километр. Бул сызыктын ары жагында Сумы шаары жайгашкан. Аны басып алуу азыркы учурда биздин максатыбыз эмес, бирок бул ыктымалды четке какпайм," - деди.

Россия Украинага канчалык илгерилемекчи деген суроого Путин "орус жана украин элдерин бир улут деп эсептей турганын" айтып: "Бул жагынан алганда бүт Украина биздики",- деп жооп берди.

«Орус аскери бут баскан жер биздики»,- деди.

Украин өкмөтү Путиндин билдирүүлөрүнө азырынча жооп бере элек.

Согуштун төртүнчү жылында Россиянын аскердик чабуулу, өзгөчө Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьковдун айланасында кайрадан күч алды. Кремль жетекчилери бул жетишкендиктерди Украинанын агрессиясына каршы коргонуу чаралары катары мүнөздөшүүдө.

Иликте
Грециядан карыздары үчүн Акрополду сатуу талап кылынды
Кабул Исламабаддын полицияга жасалган кол салуу Афганистанда пландалган деген дооматын четке какты
"COP31 таза энергияга өтүүнү тездетүү үчүн негизги платформа болушу мүмкүн"
Иран АКШ менен Израилди курал жасоого жарамдуу уранды байытуу боюнча эскертти
Түркиянын тышкы иштер министри Ормуз кысыгын "курал" катары колдонбоо керектигин айтты
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда
Ливандын түштүгүндө Израилдин аба соккусунан кеминде алты адам каза болду
Трамп Пекин сапарынан кийин медициналык текшерүүдөн өтөт
Зеленский үч күндүк ок атышпоодон кийин Орусиянын Украинага абадан сокку урганын кабарлады
Венесуэла АКШнын президенти Трампка каршылык көрсөттү
Испания Европа армиясын түзүүгө чакырды
Иранга каршы согуш америкалыктарга 37 миллиард доллардан ашык кошумча энергия чыгымын алып келди
БАЭ АКШ менен Израилдин Иранга карата согушу жүрүп жатканда Иранга жашыруун кол салуу жасаган
Окумуштуулар коронавирус жана грипп сыяктуу вирустарды үн толкундары менен жок кылды
Барселонанын супер жылдызы Ламин Ямаль чемпиондукту майрамдоодо Палестинанын желегин желбиретти