ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы жана орун басары кызматтан бошотулду
АКШнын президенти Дональд Трамп январь айында кызматын баштагандан бери аскердик жетекчиликте олуттуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүүүдө.
АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы жана  орун басары кызматтан бошотулду
US Air Force General and Director of the National Security Agency (NSA) Timothy Haugh attends a House Intelligence Committee hearing about worldwide threats, on Capitol Hill in Washington, DC, US, March 26, 2025. / Photo: Reuters
4 Апрель 2025

Америка Кошмо Штаттарынын жашыруун чалгын агенттиктеринин бири болгон Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) директору жана  орун басары бейшемби күнү кызматтан алынды. Бул чечим америкалык маалымат каражаттарында кеңири орун алды.

"The Washington Post" гезити атын билдирбеген америкалык жетекчиге таянып берген кабарында генерал Тимоти Хонун кызматка келгенден бир жылдан ашык убакыттан кийин кызматтан алынгандыгын жазды. Кабарда Хонун кызматтан алынгандыгына байланыштуу  эч кандай себептин билдирилбегендиги белгиленди.

Хо ошол эле учурда АКШнын коргоо министрлигинин кибер операцияларынан жооптуу бөлүгү болгон АКШнын кибердик командирлигинин башчысы болгон. Бул мекеме коргонуу жана кол салуу максатында кибер операцияларын жүргүзүп жаткан.

Хонун орун басары болгон Улуттук коопсуздук агенттигинин  төрага орун басары Венди Ноблдын да кызматтан алынгандыгы жана  Пентагондун ичинде башка бир позицияга дайындалгандыгы маалымалды.

Улутту коопсуздук агенттиги АКШ өкмөтүнүн эң чоң жана жашыруун сигналдар чалгындоо агенттиги катары белгилүү.

Пентагон АФПнын комментарий берүү талабына азырынча жооп бере элек.

2024-жылдын февраль айында дайындалган Хо буга чейин өкмөттүн кибер коопсуздук боюнча бир катар жогорку кызматтарын, анын ичинде элиталык Кибер улуттук миссия күчтөрүнүн командири кызматын аркалаган.

Кызматтан алууларга Демократ конгрессинин мүчөсү Жим Химс катуу каршылык көрсөттү. Х аркылуу берген билдирүүсүндө : «Генерал Хонун  ачык сөздүү, мыйзамга баш ийүү менен улуттук коопсуздукту биринчи орунга койгон лидер деп билемин»,- деди.

«Тилекке каршы бул башкарууда мындай өзгөчөлүктөр адамдын кызматтан алынышына жол ачышы мүмкүн»,- деп кошумчалады.

Президент Дональд Трамп январь айында кызматка киришкенден бери жогорку аскердик жетекчиликтин олуттуу өзгөрүүлөрүн көзөмөлдөп жатат. Февраль айында кызмат мөөнөтүнүн экинчи жылына өткөн башкы штабдын төрагасы   генерал Чарльз "CQ" Браун да эч бир себеп көрсөтүлбөстөн кызматынан бошотулду.

Трамп администрациясы  экинчи мөөнөтүнүн алгачкы айларында федералдык кызматкерлерди массалык түрдө жумуштан кетирүү жана мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын кыскартуу боюнча кеңири кадамдарды таштап жатат.

Washington Post гезити АКШнын Кибердик командирлигинин  директорунун орун басары Уильям Дж. Хартман жана Улуттук коопсуздук агенттигинин   аткаруучу директору Шейла Томастын убактылуу түрдө  Улуттук коопсуздук агенттиги NSAнын  башчысы жана башчынын орун басары катары дайындалгандыгын билдирди.

Иликте
Кытай Нидерландияны Nexperia боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө чакырды
АКШнын чалгындоо кызматы израилдик юристтерди Газадагы согуш кылмыштары жөнүндө эскертти
АКШ Түштүк Африкада боло турган G20 саммитин бойкот кылат
БУУ: Израиль азыр да жардамдардын Газага киришине тоскоол болууда
Израилдик өнөрпоздор Газадагы геноцидден улам эл аралык айыптоолорго кабылууну улантууда
АКШ Ирандын санкцияларынын жоюулушу тууралуу   сурап жатканын айтты
Иран президенти жакында жамгыр жаабаса Тегеран эвакуацияланышы мүмкүн экенин эскертти
Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болуу жолунда
Сеул армиясы: Түндүк Корея белгисиз баллистикалык ракета учурду
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Евробиримдик көбү орусиялык жарандар үчүн көп жолку визаларды токтотот
Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы "өч алуу жана жеңиште" чечкиндүү
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын президенти жана ички иштер министрине карата санкцияларды жойду
Польша менен Румыния  дрондордун активдүүлүгүнөн  улам жаңы коргонуу системасын жайгаштырды
Россия менен Украинанын өз ара дрон чабуулдарында бир киши каза болуп, бир нече адам жараланды
Климат министри: Бельгияны сынга алды
IATА Кытай авиакомпаниялары үчүн юанды эсептешүү валютасы катары кабыл алды
Nvidia директору Хуанг Кытайдын жасалма интеллект жарышында жеңерин билдирди
ЕБ менен Кытайдын ортосунда сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүү үчүн "атайын канал"
Трамп Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн  лидерин Вашингтондо тосуп алат