ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Нетаньяхунун талаптарын четке каккан Хамас : "Газа багынбайт",- деди
Хамас Нетаньяхунун Газаныны багынууга чакыруусун четке кагып, каршылык көрсөтүүгө багытталган келишим болмоюнча барымтадагылардын бошотулбай турганын билдирди.
Нетаньяхунун талаптарын четке каккан Хамас : "Газа багынбайт",- деди
/ Reuters

Хамас Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяхунун барымталардын бошотулушу жана Газанын багынуусу тууралуу акыркы билдирүүлөрүн "жеңилүүнүн кыялдагы иллюзиясы" деп мүнөздөп, четке какты.

Палестиналык каршылык көрсөтүү тобу шаршемби күнү берген билдирүүсүндө израилдик туткундардын бошотулушу бир гана топтун шарттарына байланыштуу келишим менен мүмүкн болорун белгиледи.

Хамас саясий бюросунун мүчөсү Иззат ар-Ришк Telegram аркылуу жасаган билдирүүсүндө Нетаньяхунун Газадагы согуштук барымталарды эч кандай шартсыз бошотуу жана Хамасты жок кылуу менен аяктайт деген ырастоосун сынга алды.

Иззат ар-Ришк: “Нетаньяхунун бардык барымталардын бошотулушу жана Хамастын багынууга мабурланышы тууралуу сөзү ал жердеги чындыктарды эмес, психологиялык жеңилүү жеңилүү иллюзиясын чагылдырат" ,- деди.

“Келишим болбостон эч ким бошотулбат”

Ришк Израиль башкаруучулугунун аскердик операциялар аркылуу барымтадагыларды куткарууда ийгиликке жетпегенин айтып, каршылык көрсөтүү менен олуттуу келишим түзүү алдыга жылуунун бир гана жолу экенин билдирди.

Газа багынат беген пикирди четке каккан Ришк : “Каршылык көрсөтүү тобунун шарттарына жооп берген сүйлөшүүлөр аркылуу макулдашуу болмоюнча туткундарды бошотуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Газа багынбайт. Карышылык көрсөтүү тобу аянтта кандай теңдемелерди таңууласа, кандайдыр бир келишимдин шарттарын да ошол аныктайт", - деди.

Нетаньяху согуштун максататрын кайталады

Буга чейин премьер-министр Нетаньяху X платформасынан жарыялаган билдирүүсүндө согуштун максаттарынын өзгөрбөгөнүн белгилеп, Хамастын аскердик жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу жана топтун Израилге карата коркунучун токтотуу.

Нетаньяху милдеттеринин толук бүтө электигин белгилеп: «Хамас талкаланат жана жок кылынат, Газа Израиль үчүн кандайдыр бир коркунуч болуудан чыгат»,- деди.

Нетаньяхунун билдирүүсү Газада уланып жаткан геноцид жана 2023-жылдын 7-октябрынан бери барымтада кармалгандардын тагдырына байланыштуу күчөгөн ички кысым жана эл аралык текшерүү учурунда келди.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция