Хакан Фидан:"Израиль дагы көп жерге ээ чыгуу үчүн коопсуздукту шылтоолоп жатат"
Тышкы иштер министри Фидан Израилдин Палестина жерлеринен Ливан жана Сирияга карай "дайыма оккупация" саясатын жүргүзгөнүн айтууда.
Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин коопсуздук шылтоосу менен "дагы көп аймакты" ээлеп алууга аракет кылып жатканын айтты.
Фидан ишемби күнү Анталья дипломатия форумунда сүйлөгөн сөзүндө: "Израиль өз коопсуздугун көздөп жаткан жок. Израиль дагы көп жерге ээ болууну каалап жатат. Коопсуздук Нетаньяху өкмөтү тарабынан дагы көп жерди басып алуу үчүн шылтоо катары колдонулууда", - деди.
Хакан Фидан: "Израиль эл аралык аренада өз коопсуздугун коргоп жаткандай таасир калтырды, бирок, айрыкча акыркы жылдары... бул андан да көп нерсе экени айкын болду", - деди.
Палестина жерлеринен Газага, оккупацияланган Батыш Шериага, Чыгыш Кудска, эми болсо Ливан менен Сирияга карай мунун аймакта "алдыга жылган оккупация жана экспансионизм" экенин айтты.
Фидан: "Мунун токтошу керектигин ойлоп жатам",- деди.
"Израиль аймакта тынчтыкта жашоонун бир гана жолу... башка өлкөлөргө өздөрүнүн коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эркиндигине ээ болууга мүмкүнчүлүк берүү экенин билиши керек; бул өлкөлөргө каршы күч колдонбошу керек", - деп кошумчалады.