ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Рубио: АКШ Европа менен ажырашууну эмес, "жандандырылган" альянсты каалайт
Марко Рубио АКШ Европа менен ажырашкысы келбегенин, бирок континент менен болгон альянсын "жандандыргысы" келерин айтты.
Рубио: АКШ Европа менен ажырашууну эмес, "жандандырылган" альянсты каалайт
АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Германиянын Мюнхен шаарында өткөн Мюнхен коопсуздук конференциясында (МКК) 2026-жылдын 14-февралында сүйлөөдө. / Reuters

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон трансатлантикалык союзду «кайра жандандырууну» каалай турганын билдирип, тынчсызданып жаткан Европа коомчулугун тынчтандырууга аракет кылды. Рубио күчтүү Европа АКШнын глобалдык «жаңылануу» миссиясына салым кошорун баса белгиледи.

Ишемби күнү Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сөз сүйлөгөн Рубио: "Максатыбыз бөлүнүү эмес; тескерисинче, биз эски достукту жандандырып, адамзат тарыхындагы эң улуу цивилизацияны кайра жандандыргыбыз келет. Биз каалаган нерсе - жанданган альянс", - деди.

«Европанын күчтүү болушун каалайбыз; Европанын туруктуулугу өтө маанилүү экенине ишенебиз», — деген Рубио, Европа континенти менен АКШнын «бири-бирине таандык» экенин кошумчалады. Рубио Америка Кошмо Штаттарынын «биздин цивилизациябыздын өтмүшү сыяктуу сыймыктуу, эгемен жана динамикалуу келечек концепциясы» менен иш алып барарын айтты.

Рубио: "Керек болсо, муну жалгыз жасоого даяр болсок да, биздин тандообуз жана үмүтүбүз бул жердеги европалык досторубуз менен бирге аракеттенүү", - деди.

Вэнс менен болгон кескин айырмачылык

Рубионун сүйлөгөн сөзү мындан бир жыл мурун ушул эле сахнада миграция жана сөз эркиндиги саясатын сынга алып, европалык союздаштарды шок кылган АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин билдирүүлөрүнөн кескин айырмаланды.

Рубио Трамп администрациясынын миграция «коомдордун туруктуулугун бузат» деген позициясын дагы бир ирет кайталады. Бирок, муну эске албаганда, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жума күнү белгилегендей, АКШ менен Европанын ортосундагы «ажырымды» тереңдеткен MAGA (Make America Great Again) кыймылынын талаштуу «маданияттар согушу» темаларынан негизинен алыс турду.

"Европа коргонуу үчүн АКШга аз ишениши керек"

Дональд Трамптын Гренландияга байланыштуу пландары жана АКШнын салттуу союздаштарына карата бат-бат айтылган сын-пикирлерден кийин, Мюнхен коопсуздук конференциясына чогулган европалык лидерлер НАТОнун жалпы коргонуу жүгүн көбүрөөк көтөрүүгө убада беришти.

Негизги лидерлер мунун Европа үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилешти. НАТОнун башчысы Марк Рютте: "Күчтүү НАТОнун ичиндеги күчтүү Европа трансатлантикалык байланыштын мурдагыдан да бекем болорун түшүндүрөт", — деди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жума күнкү жыйында "күчтүү Европа үчүн эң ылайыктуу учур" экенин, мунун "Украинага болгон колдоону ачык көрсөтөрүн", жана "өзүнүн коопсуздук архитектурасын кура турганын" айтты.

Британ лидери Кир Стармердин конференцияда Европанын "уктап жаткан алп" экенин жана коргонуу үчүн АКШга азыраак таянышы керектигин айтары күтүлүп жаткан.

Россия - Украина согушуна көңүл бурулду

Рубио ишемби күнкү сөзүндө оруcnfhlsy согушту токтотуу боюнча канчалык олуттуу экени азырынча белгисиз экенин белгилеп: «Алар олуттуу экенин айтып жатышат, биз муну сынап көрүүнү улантабыз», — деп билдирди.

Өкмөт башчылары, дипломаттар, коргонуу жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилери катышкан Мюнхендеги жогорку деңгээлдеги бул жолугушуу Россия - Украина согушу быйыл бешинчи оор жылга кирүүгө даярданып жаткан учурга дал келди.

Рубио: БУУ кагылышууларды токтотууда «эч кандай роль ойнобойт»

Рубио ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму чыр-чатактарды чечүүдө "дээрлик эч кандай роль ойнобойт" деп ырастап, глобалдык институттарды реформалоого чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюму дагы эле дүйнөдө жакшылык үчүн курал болууга эбегейсиз зор мүмкүнчүлүккө ээ", - деп айткан Рубио сөзүн: "Бирок бүгүнкү күндө биз алдыбызда турган эң актуалдуу маселелер боюнча аларда жооп жок экенин жана дээрлик эч кандай таасир көрсөтө албастыгын көрмөксөнгө сала албайбыз. БУУ атүгүл Газадагы согушту да чече алган жок”- деп сөзүн улантты.

Иликте
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди