ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия менен Индонезия Анкара форумунда стратегиялык байланыштарды тереңдетүүнү максат кылууда
Түркия менен Индонезия өз ара дипломатиялык мамилелеринин 75 жылдыгын белгилеп, технология, жашыл энергетика жана аймактык коопсуздук чөйрөлөрүндөгү өнөктөштүктү өнүктүрүүдө.
Түркия менен Индонезия Анкара форумунда стратегиялык байланыштарды тереңдетүүнү максат кылууда
Түркия менен Индонезия стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетип жатат. [Файлдык сүрөт] / AA

Саясий, Экономикалык жана Социалдык Изилдөөлөр Фонду (SETA) аналитикалык борбору Түркиянын борбор шаары Анкарада Түркия-Индонезия Өнөктөштүк Форумун өткөрдү. Бул иш-чарада эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер талкууланды.

Түркия менен Индонезиянын дипломатиялык мамилелеринин 75 жылдыгына арналган форум эки сессиядан туруп, ага эки өлкөнүн дипломаттары, окумуштуулары жана бюрократтары катышты.

Иш-чаранын ачылышында Түркиянын соода министринин орун басары Мустафа Тузжу бул форумдун эки өлкөнүн өсүп жаткан мамилелеринде “жаңы этап” болорун белгиледи.

Тузжу Дүйнөлүк экономикадагы “терең өзгөрүүлөргө” карабастан, Түркия менен Индонезиянын G20 мүчөлөрү катары туруктуулукту көрсөтүп, өсүү темптерин сактап кала алганын баса белгиледи.

Тузжу Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) эң ири экономикасы болгон Индонезиянын аймактык борбор болуу жолунда бара жатканын жана дүйнөлүк нарк чынжырларына барган сайын дагы көп интеграцияланып жатканын белгиледи.

‘Стратегиялык өнөктөштөр’

Индонезиянын Стамбулдагы башкы консулу Дарианто Харсоно жашыл энергиянын, санариптик трансформациянын жана автоматизациянын 2050-жылга карата маанисин баса белгилеп, Түркия-Индонезия карым - катнашындагы коргонуу тармагындагы кызматташтыктын Түркия менен Индонезиянын ортосундагы мамилелерде негизги багыт болорун баса белгиледи.

Харсоно эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн Индонезиянын жер астындагы байлыктары менен Түркиянын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү аркылуу күчтөнөрүн, эки өлкөнүн Глобалдык Түштүк өлкөлөрү катары инновацияларды алдыга жылдыруу жоопкерчилигин бөлүшөрүн билдирди.

«Эки тараптуу жана сектордук карым-катнаштар» деп аталган түштөн кийинки сессияга Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу саясий иштер боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу Коркут Гүнген, Синергия саясатынын аткаруучу директору Динна Прапто Рахаржа жана Индонезиянын Коргоо университетинен профессор Анак Агунг Баню Первита катышты.

Гүнген сөзүндө Түркия менен Индонезияны G20 жана Ислам Кызматташтык Уюму (OIC) сыяктуу көп тараптуу платформаларда кызматташкан “эки дос стратегиялык өнөктөш” деп мүнөздөдү.

Жогорку деңгээлдеги механизмдер

Гүнген акыркы расмий сапарлардын маанисине көңүл буруп, февраль айында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Жакартага жасаган сапарын жана апрель айында Индонезиянын президенти Прабово Субиантонун Анкарага жасаган сапарын эске салды.

Гүнген: “Индонезия деңиз жолдорунун чок ортосунда жайгашкан. Максатыбыз – Индонезияны Түркия үчүн дагы күчтүү диалог өнөктөшүнө айлантуу,” – деди.

Гүнген эки тараптуу карым – катнаштардын экономика жана коргонуу сыяктуу ар түрдүү тармактарда тереңдешин улантып жатканын белгилеп, Түркиянын Индонезиянын коргонуу жарманкесине быйыл 25 фирма менен катышканын белгиледи.

Гүнген: "Биз географиялык жактан алыс болсок да, баалуулуктарыбыз орток жана тарыхыбыз бир идея менен курулган. Өз ара ишеним жана достук дипломатиядан жогору турат",- деп кошумчалады.

Рахаржа жергиликтүү деңгээлде жер-жерлерде байкоо жүргүзгөнүн белгилеп, Түркия менен Индонезиянын географиялык айырмачылыктарына карабастан:"Элибиздин көз карашы ачык, кызматташтыкка жакын жана байланышы күчтүү»,-деди.

Первита Түркия менен Индонезиянын жаңы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык механизмдерди өнүктүрө аларын жана эки тараптуу карым - катнаштарда аскердик модернизациянын муктаждыкка айланганын белгиледи.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди