Жер титирөө күтпөйт; Стамбул бир апаатты алдын алуу үчүн убакыт менен жарышууда
ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Жер титирөө күтпөйт; Стамбул бир апаатты алдын алуу үчүн убакыт менен жарышуудаАкыркы болгон апааттар жана жакындап келе жаткан коркунучтар менен сокулдаган Түркия кийинки чоң жер титирөө боло электе Стамбулду өзгөртүүгө басым жасоодо.
/ AA
9 Май 2025

Стамбулда жаздын бир күнү эрте менен өкмөт жетекчилери, инженерлер жана  39 райондун акимдери губернаторлук имаратында жабык каалга артында жолугушту. Атмосфера  оор бирок чечкиндүү эле, адистер сөзсүз болот деген кыйратуучу жер титирөөнүн күнүмдүк коркуусу менен жашаган бир шаар үчүн бул адаттан тышкары көрүнүш эмес.

Жыйынга Экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча министр Мурат Курум жетекчилик кылып: «Стамбул Түркиянын жүрөгү. Бул шаардын келечеги менен Түркиянын келечеги бир. Ошондуктан Стамбул коопсуз түрдө күчтөнсө, Түркия күчтөнгөн болот. Кудай сактасын, антпесе Түркия орду толгус зыянга учурайт",- деди.

 Бул жыйын Стамбулдун келечегин кайрадан калыптандыруу боюнча Түркиянын тайманбас жана шашылыш кадам таштаган бир бурулуш жери болду. Дээрлик 20 миллиондук калктуу жана дүйнөнүн эң коркунучтуу жарака линияларынын үстүндө жайгашкан  бул шаарда жетекчилер  600 миң турак жайды чукул түрдө кайрадан куруу керектигин болжошууда.

«Ал үндү эч качан унутпайсың»

58 жаштагы кичи ишкана ээси Кенан Кансыз туруктуу жана оор бир үн менен : «Ал үндү эч качан унутпайсың»,- деди. 1999 – жылы болгон жер титирөө азыр да эсинде.

Кансыз  17 миңден ашуун кишинин өлүмүнө себеп болгон Гөлжүк жер тирөөсү болгондо Стамбулда эле. «Ал учурда мунун эң жаманы экендигин ойлодук. Бирок андан кийин  6 -  февралдагы жер титирөө болду»,- деди.

2023 -  жылы Түркиянын түштүк чыгышында болгон  жана  50 миңден ашуун кишинин өлүмүнө, маалалар жер менен жексен болгон жер титирөөнү айтып : «Эгерде мындай нерсе Стамбулда болсо андан да жаман болот.  Абдан көп киши жана абдан көп эски имарат бар. Дароо кайрадан курушубуз керек»,- деди.

 Тынчсызданган шаар

6 -  февралда болгон апааттан айлар өткөндөн кийин Стамбулда  6,2  баллдык жер титирөө болду. Чоң чыгым болбосо да коркууларды ойготууга жана жетекчилер менен тургундардын арасында шашылуу толкунун жаратууга жетти.

Шаардын калкы көп райондорунда жашаган 39 жаштагы үч баланын энеси Неслихан Акйүз : «Балдарымды алып жылаңайлак чуркаганым эсимде. Бир баш  - аламандык эле. Көчөлөр ыйлаган, дуба кылган адамдарга толду. Күн сайын тынчсызданам, бир гана үй-бүлөм үчүн эмес, бүт шаар үчүн».

Жыш калкы, жол тыгыны жана эскирген инфраструктураны көрсөтүп : «Чоң жер титирөө имараттарды гана кулатпайт. Шаарды кыйратат. Бекем курулуштарды куруп, жакшы пландоо керек. Кеч боло электе эртерээк аракетке өтүү керек»,- деди.

Ачуу сабак, абдан кыйын кайрадан башталыш

 Бул жумада болгон Жер титирөөдөн кийинки кайра курууну карап чыгуу жыйынында бул кооптонуулар жетекчилер тарабынан да айтылды. Министрдин орун басарлары, ТОКИ жана Стамбулдун муниципалитет өкүлдөрү жанаша отурушту. Бул шаар куруу боюнча көп учурда экиге бөлүнгөн өлкөдө сейрек кездешүүчү биримдиктин көрүнүшү болду.

Өкмөттүн планында чоң трансформация камтылган; кооптуу имараттарды оңдоо, ачык эвакуация аймактарын кеңейтүү жана курулушка уруксат берүүнү тездетүү. Жетекчилердин айтымында, жергиликтүү жана улуттук институттардын координациясы жана элдин ишениминин да маанилүү экендигин айтышууда.

«Бир гана бетон жана болоттон сөз кылып жаткан жокпуз. Бул шаардын тарыхын, тиричилигин жана рухун сактап калуу жөнүндө айтып жатабыз»,- деди Курум.

Саат иштеп жатат

Сейсмологдор Стамбулда катуу жер титирөө болоорун көптөн бери эскертип келишет. Шаардын түштүгүндө жайгашкан Түндүк Анадолу жаракасы бир кылымдан ашык убакыттан бери батышты көздөй жылып келе жаткан бир катар өлүмгө дуушар болгон жер титирөөлөрдү жаратты. Статистикалык маалыматтарга караганда, кийинки орунда Стамбул турат.

Мунун болору сезилет. Бирок бир топ кишиде бул аракетке өтүүгө түрктү берет.

Кансыз : «Адамдар эми мунун абстракттуу нерсе эмес экенин түшүнүп жатышат. Коркунучту көрдүк.  Жакындарыбызды көмдүк. Эми даярдык көрүүнүн учуру»,- деди.

 Анткени Стамбулда азыр жер тынч турушу мүмкүн. Бирок баарыбыз ушул бойдон турбай турганын билебиз.

 

Иликте
Анкара Эрдоган-Трамп жолугушуусунун алдында АКШ импортуна карата салыктарды төмөндөтүүдө
Европа Кеңешинин төрагасы Түркиянын Украинага көрсөткөн колдоосун жогору баалады
Эмине Эрдоган: Түркия тынчтыктын жана адилеттиктин жолу үй-бүлөдөн өтөрүнө ишенет
Эрдоган: Бул толугу менен геноцид, геноциддин аткаруучусу Нетаньяху
Эрдоган: Түркия менен АКШнын ортосундагы 100 миллиард долларлык соода көлөмү биздин орток максатыбыз
Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык карым-катнаштары
Бишкекте кыргыз-түрк иш форуму өттү
Эмине Эрдоган Газадагы балдардын билим алуусу тууралуу декларацияга кол койду
Технофестте Түркиянын "Болот купол" абадан коргонуу системасы көрсөтүлдү
Түркиянын гиперүндүү машыктыруучу учагы Хүржет  TEKNOFEST 2025те көз жоосун алды
Эрдоган күмүш медалга ээ болгон түрк баскетбол жана волейбол командаларын кабыл алды
TEKNOFEST Стамбулда башталууда
АК партия Нетаньяхуну президент Эрдоган тууралуу айткан сөздөрүнөн улам айыптады
Түркия Сириянын Сувейда кризисин чечүүгө багытталган жол картасын кубаттады
Вице-президент Жевдет Йылмаз эртең Кыргызстанга расмий сапар менен барат
Эрдоган Дохадагы чабуул үчүн Израилди катуу сынга алды: Нетаньяху Гитлердин идеологиялык «тууганы»