Бельгиянын Фламанд аймагында Батыш Нил вирусунан эки адам каза болуп, аймактагы тастыкталган учурлардын саны 14кө жетти.
Фландриянын Саламаттыкты сактоо органы бул маселе боюнча жазуу түрүндө билдирүү таратты.
Билдирүүдө жогорку тобокелдик тобундагы эки адам каза болгону жана акыркы маалыматтар боюнча Фламанд аймагында Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 14кө жеткени кабарланды.
Батыш Нил вирусу
Көбүнчө Кулекс чиркейлеринин чагуусу аркылуу жугуучу Батыш Нил вирусуна каршы вакцина жок болгондуктан, чиркейлердин чагуусунан коргонуу сунушталат.
Чиркей чаккандан кийинки инкубациялык мезгил 2 күндөн 14 күнгө чейин созулат, ал эми иммунитети алсыз адамдарда бул мезгил 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Вирус жуктуруп алгандардын болжол менен 80 пайызында эч кандай симптомдор байкалбайт. Бейтаптардын болжол менен 20 пайызында болсо дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, жүрөк айлануу-кусуу, баш оору жана булчуңдардын оорушу сыяктуу симптомдор байкалат деп айтылат.
Башында Африкада гана кездешкен вирус көптөгөн Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Францияга, Италияга, Испанияга жана Португалияга жайылды.



















