ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Доха табышмагы чечилди: "АКШ делегациясы ирандыктар менен эмес, ортомчулар менен жолугушат"
Тараптардын Дохада сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү тууралуу карама-каршы билдирүүлөр айтылып жаткан.
Доха табышмагы чечилди: "АКШ делегациясы ирандыктар менен эмес, ортомчулар менен жолугушат"
Катар Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы аль-Ансари

Катар АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф жана анын күйөө баласы Джаред Кушнердин Дохада ирандык өкүлдөр менен эмес, ортомчулар менен жолугушаарын жарыялады.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид бин Мухаммед аль-Ансари басма сөз жыйынында АКШ менен Ирандын ортосундагы техникалык сүйлөшүүлөрдүн токтобогонун жана Катар Ормуз кысыгынан коопсуз өтүүнү жана миналарды тазалоону артыкчылыктуу деп эсептей турганын баса белгиледи.

Аль-Ансари Кушнер менен Виткофф Дохада экенин бирок алар ирандык расмий өкүлдөр менен эмес, ортомчулар менен жолугушаарын баса белгилеп: "АКШ менен Ирандын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүү боюнча чечим жок",- деп билдирди.

Ирандын тоңдурулган 6 миллиард долларлык каражаты Тегеранга которула электигин белгилеген Ансари: "Бул сумма гуманитардык жардам материалдарын сатып алуу үчүн бөлүнгөн 2023-жылдагы келишимге баш иет,- деп кошумчалады.

Аль-Ансари тоңдурулган ирандык каражаттарды которуу эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечиле турганын айтты.

Ансари Ормуз кысыгындагы чыңалууну азайтуу үчүн түзүлгөн түз байланыш линиясы акыркы мезгилдердеги кагылышууларды басаңдатуу үчүн колдонулганын билдирип, буларды кошумчалады: «Ормуз кысыгы жана кемелердин коопсуз өтүүсү маселесинде Оман султандыгы менен тыгыз байланыштабыз. Ормуз кысыгын тазалоо иштерине Франциянын да катышуусун кубаттайбыз».

Ансари Ормуз кысыгын кайра ачуу жана кемелердин жүрүшүн кайра жандандыруу өтө маанилүү маселелер экенин баса белгилеп: «Деңизде кемелердин жүрүү эркиндиги бардык Перс булуңундагы өлкөлөр үчүн кепилденген укук болуп саналат. Анын жабылышы же коркунучу кабыл алынгыс»,- деди.

Ансари Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө эч ким тоскоол болбошу керектигин баса белгилеп, учурда алар аймактык коопсуздукту жана согушка чейинки абалына, тынчтыкты калыбына келтирүүгө көңүл буруп жатышканын билдирди.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды