ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын CENTCOM уюмунун талапкери АКШнын Сириянын жаңы администрациясы менен иштеши керектигин айтты
Корпустун адмиралы Брэд Купер АКШнын Сирияда ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн аскерлерин кармап турушу керектигин да белгиледи.
АКШнын CENTCOM уюмунун талапкери АКШнын Сириянын жаңы администрациясы менен иштеши керектигин айтты
/ AFP
26 Июнь 2025

АКШнын деңиз флотунун адмиралы Бреэд Купер жасаган билдирүүсүндө : “АКШ согуш кыйраткан Сирияда ДЕАШка каршы күрөштө Сириянын учурдагы лидери Ахмед Шаранын командасы менен иштешип туура чечим чыгарды”,- деди.

Сенаттын бекитүүсүнөн кийин СЕНТКОМдун жетекчилигин аткара турган Купер Сириянын жаңы жетекчилиги менен кызматташууну улантууну колдой турганын айтып, аймактагы туруктуулуктун стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Купер шейшемби күнү сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинде сүйлөгөн сөзүндө : “Сириядагы коопсуздук АКШнын коопсуздугуна айланат. Келечек үчүн жакшы ойдомун. Сириядагы туруктуулук учурдагы лидер Ахмед Шара бийликте турган кезде түзүлөт жана бул биз үчүн абдан маанилүү”,- деди.

АКШнын Борбордук командирлиги (СЕНТКОМ) Вашингтон тарабынан Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азияда аскердик күч көрсөтүү үчүн колдонулган бир түзүм.

Купердин билдирүүсү АКШнын президенти Дональд Трамптын өткөн айда Сирияга карата санкцияларды жоюу чечиминен кийин АКШ саясатындагы өзгөрүүдөн кийин жасалды.

Башар Асад режиминин астындагы Сирия АКШнын финансылык системасынан чыгарылып, Цезарь мыйзамынын алкагында санкцияларга дуушар болгон.

Мурдагы Асадга каршы топ болгон Хаят Тахрир аш-Шамдын лидери Ахмед Шара декабрда бийликке келип, өлкөнү дүйнөлүк системага интеграциялоо үчүн реформаларды жүргүзүүгө убада кылган.

Сириянын жаңы өкмөтү дипломатия жолу менен Дамасктын динамикасын өзгөртүп, ошол эле учурда АКШнын колдоосуна ээ болду.

Трамп Түркия жана башка аймактык өлкөлөрдүн колдоосу менен Сауд Арабиясына болгон сапары учурунда санкцияларды жоюу чечимин жарыялады.

Трамп жана аль-Шараа өткөн айда Эр-Риядда жолугушкан.

Сириянын ДЕАШка каршы операцияларга кошкон салымы

Купер АКШнын башынан бери ДЕАШка каршы миссияны башкаргандыгын жана муну уланта турганын айтып ДЕАШтын бери жетектеп келгенин жана мындан ары да уланта берерин айтты. ДЕАШтын башаламандык чөйрөдө өнүгөрүн айтты.

“Сирия өкмөтү, азыр жети айлык бир процессте. ДЕАШ коркунучун АКШнын күчтөрү менен бирге күчүн жок кыла алса бул туруктуулук бидин коопсуздугубузду да камсыз кылат”,- деген Купер өзгөчө аскердик аракеттер менен координациялуу жүргүзө турган дипломатиялык позициянын аймактын тынчтык үчүн ачкыч роль ойной турганына ишенгендигин баса белгиледи.

“Сирияда жасаган иштерибиздин баары дипломатиялык жол менен жүргүзүлөт, жана бул жагынан жакшы багытта баратабыз деп ойлойм,” - деди.

АКШнын Сириядагы аскерлери

Пентагон Сириядагы АКШ аскерлеринин санын 2000ден 1000ден азайта баштады бирок Купер америкалык аскерлердин ал жерде болушу маанилүү экенин белгиледи.

“Бүгүнкү динамикалуу кырдаалды эске алганда, келечекте Сириядагы АКШ аскерлеринин зарылчылыгы боюнча баа берүү бүгүнкүдөн башкача болушу мүмкүн,” - деди ал.

Ошондой эле ал Сириядагы АКШ күчтөрүн кыскартуу чечимин кабыл алууда өзгөрүп жаткан кырдаалды толук түшүнбөй туруп, шашылыш кадамдарга барбоо керектигин эскертти.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү