Европа Комиссиясы Черногориянын, Албаниянын, Украинанын жана Молдованын Европа Биримдигине кошулуу үчүн зарыл болгон реформалар боюнча жетишкендиктерин жогору баалап, Европа Биримдигинин жаңы мүчөлөрдү 2030-жылдан баштап кабыл аларын билдирди.
Комиссия Сербияны реформаларды жайлатып жатканы үчүн сынга алды. Ал эми Грузияны "демократиялык артка кетүү" боюнча айыптап, мурдагы советтик республиканын азыр "аталышы гана талапкер өлкө" деп эсептелип жатканын билдирди.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас шейшемби күнү Брюсселде журналисттерге берген маалыматта: "Биримдикти кеңейтүү биздин кызыкчылыгыбызга туура келет", - деди.
"Европа Биримдигине кошулуу адилеттүү, катаал жана жетишкендикке негизделген процесс болууну улантууда. Эми болсо 2030-жылга чейин жаңы өлкөлөрдүн Европа Биримдигине кошулушу реалдуу максат", - деди Каллас.
Буга чейин Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча комиссары Марта Кос 600 миңдей калкы бар Балкан өлкөсү Черногориянын мүчөлүк жолунда алдыга жылган өлкө экендигин айткан.
Кос Албанияны "мисал боло турган жетишкендиктери" үчүн мактады жана Украинага коңшулаш Молдованын да "тездетилген темпте" алдыга жылып жатканын белгиледи.
Европа Биримдиги Украинага коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кысым жасоодо
Украина Россия менен согушуп жатканына жана Венгриянын мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн тоскоол болгонуна карабастан Европа Биримдигине кошулуу аракеттерин улантууда.
Кос: "Украина Европа Биримдигине кошулуу жолунда негизги реформаларды ишке ашырууга умтулганын көрсөттү. Бул темпти сактоо жана артка кетүү коркунучун алдын алуу маанилүү", - деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул отчетту кубаттап, X социалдык тармагында: "Биз күчтүү жана бирдиктүү Европаны түзүү үчүн бардык жасалма тоскоолдуктарды жоюу боюнча Европа Биримдигинин чечкиндүү аракеттерин күтөбүз", - деп жазды.
Зеленский андан кийин Украинанын 2030-жылга чейин Европа Биримдигине кошулуу каалоосун билдирди. Бирок бул талапкер өлкөлөрдүн ишке ашырышы керек болгон реформалардын масштабы жана учурдагы мүчө мамлекеттердин согуш абалындагы 40 миллион калктуу өлкөнү кабыл алуу тууралуу каалабаганына көңүл бурулганда мүмкүн эместей.
Европа Комиссиясынын жылдык отчетунда Украина мыйзам үстөмдүгү боюнча дагы алдыга жылышы керектиги айтылган.
Европа Биримдигинин жетекчилери буга чейин июль айында саясий дайындоо менен кызматка келген Украинанын Башкы прокуроруна өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү бюросу жана атайын прокуратура бөлүмү боюнча көбүрөөк көзөмөл ыйгарым укуктарын берүүнү караган кадамдарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Согуш учурунда уюштурулган нааразычылык акциялары Украинанын жетекчилигинен бул кадамдарды тез арада кайтарып алууну талап кылган, бул окуя Украинанын өнөктөштөрүнүн көңүлүн бурган.
Европа Бримдигинин Комиссиясы Грузияны катуу сынга алууда
Комиссия Грузия өкмөтүн мыйзам үстөмдүгүн бузуп, "негизги укуктарга катуу чектөөлөрдү” киргизүү менен айыптады.
«Грузиянын фундаменталдык тармактардагы төмөндөөсүн эске алганда (өткөн жылдагы отчеттон бери), Комиссия Грузияга талапкер өлкө катары кароодо”,- деди Кос.
Авторитардыкка ооп, Россияны колдогон тышкы саясат жүргүзүүгө айыпталган Грузиянын бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы Европа Бримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуп, Брюсселди Грузияда революция жасоону пландашты деп айыптады. Европа Биримдиги бул айыптоону катуу четке какты.
Өткөн аптада бийликтеги партиянын жогорку даражалуу мүчөсү болгон Грузия парламентинин төрагасы бийликтегилер өлкөдөгү үч ири оппозициялык партиянын ишмердүүлүгүн "конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирет" деген негиз менен тыюу салууну каалап жатканын билдирди.
Өткөн аптада Грузия парламентинин төрагасы, башкаруучу партиянын жогорку даражалуу мүчөсү, өлкөнүн үч ири оппозициялык партиясын "конституциялык тартипке коркунуч келтирүүдө" деп айыптап, аларга тыюу салууну каалап жатканын билдирди.








