ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган Азербайжанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Ушул сыймыктануу күнүндө мен урматтуу бир тууганым (Президент) Илхам Алиевге жана Азербайжан элине салам жолдойм», - деди.
Президент Эрдоган Азербайжанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Түркия 1991-жылы 9-ноябрда Азербайжан эгемендүүлүгүн жарыялагандан көп өтпөй Азербайжандын эгемендигин тааныган биринчи өлкө болгон. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 18-октябрь ишемби күнү Азербайжанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Түркиянын социалдык медиа платформасы NSosyal баракчасына билдирүү жасаган Эрдоган: «Кымбаттуу досубуз, бир тууганыбыз жана сүйүктүү Азербайжаныбызды 18-октябрь Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул сыймыктануу күнүндө урматтуу бир тууганым Илхам Алиев жана Азербайжан элине саламымды жолдойм»,-деди.

Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран өзүнчө билдирүүсүндө Анкаранын Баку менен бирге болуп, «бир улут, эки мамлекет» принцибин коргогону үчүн сыймыктанганын билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги да NSosyal аркылуу куттуктоосун бөлүшүп: «Биздин шериктешибиз жана боордош Азербайжандын Эгемендүүлүгүнө ээ болушунун 34 жылдыгы кут болсун»,-деди.

Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги да NSosyal платформасында жарыяланган билдирүүсүндө «Бир улут, эки мамлекет» принцибинин негизинде Баку менен биримдик жана тилектештикте болууну уланта тургандарын белгилеп, Азербайжанды куттуктады.

Азербайжанда 1991-жылы 18-октябрда «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнүндөгү» Конституциялык мыйзам  кабыл алынган күн болгон 18-октябрда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Бул мыйзам менен Азербайжан 1918-1920-жылдар арасында болгон Азербайжан Демократиялык Республикасынын мураскери катары эгемендигин жарыялаган.

Түркия 1991-жылдын 9-ноябрында Азербайжандын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкө болгон.

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди