Сереп салуу
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Фидан Иран арткы канал дипломатиясына ачык болушу мүмкүн деп билдирди
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Иран АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда кол салууга дуушар болгондуктан өзүн чыккынчылыкка кабылгандай сезип жатканын, бирок ал «акылга сыярлык жашыруун дипломатия» жүргүзүүгө ачык болушу мүмкүн деп эсептейт.
Фидан Иран арткы канал дипломатиясына ачык болушу мүмкүн деп билдирди
Фидан ошондой эле Израил коопсуздук максаттарынан көрө, аймактык амбицияларды көздөп жатканын айтты. / AP

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Иран АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда кол салууга дуушар болгондуктан өзүн чыккынчылыкка кабылгандай сезип жатканын, бирок ал «акылга сыярлык жашыруун дипломатия» жүргүзүүгө ачык болушу мүмкүн деп эсептей турганын айтты.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр учурда токтоп калганын, бирок Тегеран расмий эмес дипломатиялык каналдарга ачык болушу мүмкүн деп эсептей турганын билдирди.

Фидан аймактагы чыр-чатак чөйрөсү расмий дипломатияны жүргүзүүнү кыйындатканын билдирди.

Ишемби күнү Associated Press агенттигине берген маегинде Фидан: «Азыркы шарттар дипломатия үчүн анчалык деле ыңгайлуу эмес»,- деп айтып, ирандыктар Вашингтон менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда кол салууга дуушар болгондуктан өздөрүн «чыккынчылыкка кабылгандай сезишкенин» кошумчалады.

Фидан: «Менимче, алар ар кандай акылга сыярлык арткы канал дипломатиясына ачык», - деди.

 Тышкы иштер министри ошондой эле аймактагы чыңалуу күчөгөн сайын Түркиянын артыкчылыгы чыр-чатактан алыс болуу экенин баса белгиледи.

Фидан:«Бизге чагымчылык кылып жатканын жана чагымчылык кабыла турганын билебиз, бирок биздин максатыбыз бул согуштан алыс болгуу»,- деп кошумчалады.

Нетаньяхунун Израилине күн тартибин алга жылдыруу үчүн «душман керек»

Фидан ошондой эле Израилдин аймактагы саясатын сынга алып, геноцидчи Биньямин Нетаньяхунун жетекчилиги астында Израиль дайыма аймактык актерлорду коркунуч катары карайт деп ырастады.

Тышкы иштер министри Фидан: «Нетаньяху бийликте турганда, (Израиль) ар дайым бирөөнү душман катары аныктайт», - деп билдирди.

«Анткени аларга бул өз күн тартибин алга жылдыруу үчүн керек. Эгерде Түркия болбосо, алар аймактагы башка өлкөнү душман катары бутага алышат».

Фидан Израилди коопсуздуктун ордуна аймактан жер ээлөө максаттарын көздөп жатат деп айыптады.

«Алар коопсуздукту эмес, көбүрөөк жерди ээлеп алууну көздөп жатышат», - деди Фидан жана кошумчалап: «Алар бул идеядан баш тартпаса, Жакынкы Чыгышта ар дайым согуш боло берет», - деди.

Иликте
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады
Президент Эрдоган Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысы Мирзиёеваны кабыл алды
Министр Фидан Бакуда Азербайжандын президенти Алиев тарабынан кабыл алынды
CICA саммитинде Израилдин президенти сүйлөп жатканда көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү залдан чыгып кетишти
Рейханлыдагы кол салууга шектүү террорист качып кетүүгө аракет кылып жатканда Сирияда кармалды
Түркия Колумбиянын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимин айыптады
Тышкы иштер министри Фидан Азия коопсуздугу боюнча саммитке катышуу үчүн Бакуга барды
Министр Фидан CICAнын мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынына катышат
Өмер Болат: "Түркия-Европа Биримдиги соодасы 30 жылда 11 эсеге көбөйүп, 233 миллиард долларга жетти"
Президент Эрдоган: "Түркия, Сауд Арабиянын жанында"
Президент Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин  маалымат берди
Эрдоган: «Биз коопсуз азык-түлүккө жетүүнү улуттук коопсуздугубуздун негизги катары карайбыз»
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
Анкарада Израилдин Газага кол салууларына каршы нааразылык акциялары
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Эрдоган менен Путин Кара деңиз коопсуздугун жана Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүн талкуулашты