Түркия убактылуу ок атышпоо келишимин кубаттап "толук ишке ашырылышын" талап кылууда
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Ирандын ортосундагы эки жумалык ок атышпоо келишиминен кийин туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн диалог жана эл аралык укукту сактоо маанилүү экенин билдирди.
Түркия шаршемби күнү АКШ менен Ирандын ортосунда жарыяланган убактылуу ок атышпоону кубаттады.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "убактылуу ок атышууну токтотуу толугу менен аткарылышы керек жана бардык тараптардын жетишилген макулдашууну сакташын үмүт кылабыз" деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө туруктуу тынчтыкка жетүү жолу диалог, дипломатия жана өз ара ишеним аркылуу гана мүмкүн экени баса белгиленип, "Исламабадда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы үчүн ар түрдүү колдоо көрсөтүүнү улантабыз" деп кошумчаланды.
Түркия ошондой эле Пакистанды бул процессте ортомчулук кылганы үчүн куттуктап, тынчтыкка салым кошкон бардык демилгелердин улантылышын каалады.
Дуран: Түркия туруктуу тынчтыкты үмүт кылат
Түркия Республикасынын Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран да NSosyal социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Анкара ок атышууну токтотуу учурдагы чыңалууну азайтып гана тим болбостон, узак мөөнөттүү чечимге жана тынчтыкка жол ачат деп үмүттөнөрүн билдирди.
Дуран: "Аймагыбызда көптөн бери уланып келе жаткан морт коопсуздук чөйрөсү диалогдун жана дипломатиялык каналдардын канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрсөттү. Өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, чыңалууну күчөтө турган кадамдардан качуу жана эл аралык укуктун негизинде иш-аракет кылуу узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууда чечүүчү мааниге ээ болот", - деп билдирди. Президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигиндеги Түркиянын аймактык жана глобалдык тынчтыкты орнотууга ар тараптан салым кошо берерин жана күчтүү дипломатиялык салты, адилеттүү жана тең салмактуу мамилеси менен кризистерди чечүүдө коопсуз жай болуу жоопкерчилигин алганын баса белгиледи.