ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүп Газа үчүн шашылыш глобалдык кадам таштоого чакырды
Президенти Газадагы гуманитардык кризистин начарлашы тууралуу эскертип, эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун "зарыл" экенин белгилеп, Франциянын Палестинаны таанышын ыраазычылык менен кабыл алды.
Эрдоган  Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүп Газа үчүн шашылыш глобалдык кадам таштоого чакырды
/ AP

Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон телефон аркылуу сүйлөшүп, Газа секторунда курчуп жаткан гуманитардык кризис жана аймактагы тынчтыктын келечеги тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Түркиянын президенттик аппараты билдирүү жасады.

Жекшемби күнкү сүйлөшүүдө Эрдоган Газадагы оор абалдан тынчсыздануусун билдирип, эл аралык коомчулукту тез арада чара көрүүгө чакырды.

“Газа секторундагы гуманитардык абал күндөн-күнгө начарлап жатат. Эл аралык коомчулук тез арада чечим табууга аракет кылышы керек”,- деди Эрдоган.

Эрдоган ошондой эле Израиль-Палестина кагылышуусун узак мөөнөттүү чечүүчү жол менен жыйынтыкталышы керектигин баса белгилеп: “Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуу токтотулушу керек жана аймакта туруктуу тынчтык үчүн эки мамлекеттү чечимдин чыгышы маанилүү”,- деди.

Түркиянын лидери бул сүйлөшүү учурунда Франциянын Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин кубаттап, Макронду бул кадамы менен куттуктады. Бул чечим дүйнө жүзүндөгү Палестинаны колдогон тараптар тарабынан да жылуу кабыл алынды.

Макрон бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө, Париж Палестинаны расмий түрдө сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жүрүшүндө тааный турганын жарыялаган.

Франция дүйнөдөгү эң ири өнүккөн экономикаларынан турган G7 тобунун мүчөсү катары Палестинаны мамлекет катары тааныган биринчи мүчөсү болот. Ушул кезге чейин БУУнун 193 мүчө мамлекетинин ичинен 147си Палестинаны расмий түрдө тааныды.

Франциянын тышкы иштер министрлиги X платформасындагы баракчасында: "Франция Палестина мамлекетин таанууга даярданып жатып, Израиль мамлекети Франция тарабынан 1949-жылдын 24-январында таанылганын эске салабыз", - деп билдирди.

Бул кадам Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага жасаган тынымсыз чабуулдары учурунда ташталды. Бул чабуулдарда 60 000ге жакын палестиналык, алардын көбү аялдар жана балдар каза болуп, Газанын саламаттыкты сактоо системасы кыйрап, олуттуу азык-түлүк тартыштыгы жаралды.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды