ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан соода келишиминен кийин АКШдан биринчи жолу чийки мунай сатып алды
"Cnergyico Пакистандын чийки мунай булактарын диверсификациялоо аракеттеринин алкагында, маанилүү коммерциялык келишимден кийин биринчи жолу Америкадан мунай алып келүүгө даярданууда.
Пакистан соода келишиминен кийин АКШдан биринчи жолу чийки мунай сатып алды

Cnergyico кампаниясынын төрага орун басары Усама Куреши жума күнү Reuters агенттигине берген маалыматында Пакистандын эң ири мунай иштетүүчү ишканасы Cnergyico октябрь айында Витолдон бир миллион баррель мунай импорттой тургандыгын айтты. Бул бурулуш жери мүнөзүндөгү соода келишиминен кийин өлкөнүн АКШдан биринчи жолу чийки мунай сатып алуусу деген мааниге келүүдө.

Бул айда Хьюстондон жүктөлө турган West Texas Intermediate жеңил мунай жүгүнүн октябрь айынын экинчи жарымында Карачиге барышы күтүлүүдө. Куреши : “Бул Витол менен түзгөн алкактык келишимдин негизинде сыноочу споттук жүк. Эгерде ал коммерциялык жактан ылайыктуу жана жеткиликтүү болсо, биз айына кеминде бир жүк импорттой алабыз", - деп кошумчалады жана бул мунайдын кайра сатуу үчүн эмес экендигин кошумчалады.

Куреши бул келишимдин АКШнын президенти Дональд Трамптын апрель айында Пакистандан жасалган импортко 29 пайыздык тарифти киргизүү менен коркутуусунан кийин апрель айында башталган жана көптөгөн айларга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлгөнүн билдирди.

Бейшемби күнү Пакистан АКШ менен түзүлгөн соода келишимин кубаттап, бул келишимдин инвестицияларды көбөйтөрүн айтты. Ак үй бейшемби күнү билдирүүсүндө АКШнын Пакистандан жасала турган импортко 19 пайыздык тариф киргизерин жарыялады.

Кытайдын жакын өнөктөшү болгон Пакистан Трамптын тариф коркутуусунан кийин АКШ менен мамилесин жакшырта баштады. Пакистан АКШнын дипломатиялык кийлигишүүсүнө коңшусу Индия менен болгон акыркы чыңалууну токтотууга жардам бергени үчүн ыракмат айтфп Трампты Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер катары көрсөттү.

‘Ири мунай запастары’

Мунай Пакистандын эң ири импорттук товары жана анын 2025-жылдын 30-июнунда аяктаган каржы жылында жеткирүү 11,3 миллиард доллар болуп ишке ашты. Бул өлкөнүн жалпы импорттук чыгымдарынын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт.

Бул импорттук келишими Пакистанга мунай булактарын диверсификациялоого жана мунайдын дээрлик бардыгын камсыз кылган Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүчүлөргө болгон көз карандылыкты азайтууга жардам берет. Куреши: "Дүң рафинаддоо маржасы Перс булуңунун түрлөрүнө барабар жана эч кандай аралаштыруу же кайра иштетүү жөндөөлөрүн талап кылбайт", - деди.

Cnergyico күнүнө 156000 баррель мунай иштете алат жана Карачинин жакынындагы өлкөнүн жалгыз бир пункттуу терминалды иштетүүдө. Бул башка заводдорго караганда чоң танкерлерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Компания келерки беш-алты жылдын ичинде чоң же тез-тез ташып турууну камсыз кылуу үчүн экинчи оффшордук терминал курууну пландаштырууда. Куреши компаниянын орточо эсеп менен 30%дан 35%га чейинки кайра иштетүү көрсөткүчү менен иштеп жатканын, жергиликтүү талаптын өсүшү менен бул көрсөткүчтөрдүн жогорулашы болжодолуп жаткандыгын билдирди.

Трамп шаршемби күнү берген маалыматында АКШнын Пакистандын “ири мунай запастарын” өнүктүрүүгө жардам берерин айтты бирок кошумча маалымат берген жок.

Иликте
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Түркиянын Улуттук волейбол командасы жарым финалга чыкты