БУУ Газадагы жардам көрсөтүү иштерине күйүүчү майдын жетишсиздиги коркунуч туудуруп жатканын айтты
Бириккен Улуттар Уюму Израилдин өткөрүү пункттарына койгон чектөөлөрү Газадагы гуманитардык жардам операцияларына тоскоол болуп жатканын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюму Израилдин Газадагы чек ара бекеттериндеги чектөөлөрү гуманитардык операцияларга олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын жана күйүүчү майдын тартыштыгы курчоодогу аймакта негизги кызматтарды токтоп калуу коркунучуна алып келгенин эскертти.
БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик шейшемби күнкү маалымат жыйынында Гуманитардык маселелерди координациялоо бөлүмүнө (OCHA) таянуу менен: «Карем Абу Салемден башка бардык өткөрүү пукттары азыр да жабык», — деп билдирди. Ал бул абалды жардам кызматкерлери туш болгон «көптөгөн туруктуу кыйынчылыктардын» бири гана деп мүнөздөдү.
Дужаррик шейшембиден бери Газага болгону 1,4 миллион литр күйүүчү май киргенин айтып: "Кызматтарыбыздын үзгүлтүккө учурабашы же азайбашы үчүн жума сайын 2 миллион литрден ашык күйүүчү май керек",- деп кошумчалады.
БУУ ошондой эле күйүүчү майдын жетишсиздиги аймактагы таштандыларды чыгаруу аракеттерине тоскоол болуп жатканын эскертти.
Дюжаррик 10-февралдан бери жардам берүү топтору "350 000 метрлик таштандынын ичинен 3 000 куб метр катуу таштандыны тазалаганын" айтып: "Күйүүчү май менен камсыздоодогу кыйынчылыктар жана коопсуздук маселелеринен улам бул ылдамдык күтүлгөндөн кыйла төмөн экенин белгилегим келет",- деди.
Башпаанек менен камсыздоо операцияларында да чоң тоскоолдуктар жаралууда.
Дюжаррик Израилдин шаймандар топтому, оор техника, жыгач жана цемент сыяктуу "эки максаттуу" материалдарга карата чектөөлөрү гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерин чектеп жатканын белгиледи.
Дюжаррик Газага “кошумча өткөрүү пункттарын кайрадан ачууну” жана «ар кандай маанилүү материалдардын туруктуу жана алдын ала болжолдонгон агымын камсыз кылууга» чакырды.