ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Германия Европа Биримдигин орус активдерин Украина үчүн колдонууга чакырды
Тышкы иштер министри Вадефул Германиянын Бельгиянын тынчсыздануусун түшүнгөнүн бирок бардык Европа Биримдиги мүчөлөрү жоопкерчиликти биргеликите алууга даяр болсо чечүүчү жолдун табыла аларына ишенгендигин айтты.
Германия Европа Биримдигин орус активдерин Украина үчүн колдонууга чакырды
Тышкы иштер министри Йоханн Вадефул Берлин ушул айдагы Евробиримдиктин лидерлеринин саммитинде макулдашууга жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттерин улантып жатканын билдирди. / Reuters

Германия Европа Биримдигинин мүчө мамлекеттерин Украинанын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо үчүн тоңдурулган орус активдерby пайдалануу боюнча макулдашууга жетишүүгө чакырганын кайталады.

Шаршемби күнү Брюсселде журналисттерге маалымат берген тышкы иштер министри Йоханн Вадефул Берлиндин ушул айдагы Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинде тоңдурулган орус активдерин пайдалануу боюнча келишимге жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттердин улантылып жаткандыгын айтты.

"Муну ишенимдүү юридикалык негизде жасоо керек. Европа Комиссиясы бул боюнча иштеп жатат жана өз сунуштарын берет. Биз муну колдойбуз жана Бельгиянын тынчсызданууларын олуттуу кабыл алабыз. Алар туура бирок маселе чечилиши мүмкүн", - деди министр.

"Эгерде биз жоопкерчиликти биргелешип алууга даяр болсок, маселе чечилиши мүмкүн. Германия муну жасоого даяр жана башка бардык Европа Биримлигинин мүчө мамлекеттерин дагы ошого үндөйт. Канцлердин сунушунун акыры кабыл алынарына ишенем", - деп кошумчалады Вадефул.

Мерцтин 140 миллиард евро насыя сунушу

Сентябрь айында канцлер Фридрих Мерц тарабынан биринчи жолу сунушталган сунуш Украинага тоңдурулган орус активдери менен камсыздалган 140 миллиард евро (163 миллиард доллар) насыя берүүнү карайт. Берлиндин айтымында, план Киевдин аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана Москваны сүйлөшүү столуна алып келүүгө багытталган.

Бельгия юридикалык жана финансылык тобокелдиктерди талап кылууда

Бирок, тоңдурулган активдерди кармап турган европалык финансылык институт жайгашкан Бельгия бир катар каршы пикирлерди билдирди.

Бельгия өкмөтү юридикалык көйгөйлөргө туш болуудан жана финансылык жоопкерчиликти жалгыз өзү көтөрүүдөн коркот. Ал бул сунуштун финансылык жана юридикалык тобокелдиктерин бардык Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин бөлүшүшүн талап кылууда.

Шаршемби күнү Бельгиянын тышкы иштер министри Максим Прево өлкөнүн ЕБ планына байланыштуу кооптонууларын кайрадан билдирди. Прево журналисттерге: "Бизди укпай жатышкандай, тынчсызданууларыбызды кемсинтип жатышкандай сезим бар. Европа комиссиясы бүгүн карай турган текст биздин тынчсызданууларыбызды канааттандырарлык деңгээлде чечпейт", - деди.

Иликте
Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы мейманканадагы өрттөн тогуз адам каза болду
Британияда сальмонеллез оорусунан 1 адам каза болуп, 207 учур катталды
Катар Газадагы ок атышууну токтотуу келишиминин толук аткарылышы үчүн кысымын күчөтүүдө
БУУ Газанын  2025 -  жылы да гуманитардык жардам кызматкерилери каза болгон аймак болгонун билдирди
Сирияда газ жеткирген газ түтүгүндө жарылуу болду
Лавров Россия менен Түндүк Кореянын жаңы көп полюстуу дүйнөлүк тартипти издеп жатканын айтты
Түркия 2026–2030-жылдарда глобалдык ЖИ борбору болуу максатындагы жол картасын жарыялады
Австралия менен Япониянын коргоо министрлери терең аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөштү
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?