Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Акыркы кол салуу менен бирге АКШнын банги зат ташыгандыгы айтылган кемелерге карата кол салууларында каза болгондордун саны 87ге жетти.
АКШнын аскердик күчтөрү Тынч океандын чыгышындагы эл аралык сууларда баңгизат ташыпгандыгы айтылган кемеге жаслаган кол салууда төрт кишинин каза болгонун жарыялады.
АКШ армиясы бейшемби күнү Хтен берген билдирүүсүндө: “Чалгындоо кабары кеменин мыйзамсыз банги зат ташыганын жана Чыгыш Тынч океанда билинген мыйзамсыз банги зат ташуу жолу аркылуу кеткенин ырастады. Кемедеги төрт эркек нарко-террорист жок кылынды,- деп айтылды.
Сентябрь айынан бери АКШ Кариб деңизинде жана Тынч океанынын чыгышында баңгизат ташыгандыгы айтылган кемелерге кеминде 22 жолу кол салуу жасап, кеминде 87 адам каза болду.
Акыркы кол салуу Пентагондун кызматкери Пит Хегсеттин сентябрь айында аман калгандарды өлтүрүү боюнча буйрук бергени тууралуу талаш-тартыштардын ортосунда болду; бирок администрация муну четке кагууда.
4‑деңгээлдеги эскертүү
Ошол эле учурда, АКШнын Мамлекеттик департаменти Венесуэла үчүн эң жогорку деңгээлдеги саякат боюнча эскертүүсүн кайра жарыялап, бардык АКШ жарандарын жана мыйзамдуу туруктуу жашоочуларын өлкөдөн "тез арада" чыгып кетүүгө чакырды.
Май айында биринчи жолу жарыяланган жана кылдаттык менен карап чыгуудан кийин өзгөртүүсүз жаңыланган 4-деңгээлдеги "Саякатка чыкпаңыз" эскертүүсү, негизсиз камакка алуу, кыйноо, терроризм, уурдоо, мыйзамдарды өзүм билемдик менен колдонуу, зомбулук кылмыштары, коомдук башаламандык жана Венесуэланын саламаттыкты сактоо системасынын кыйрашы сыяктуу олуттуу коркунучтар жөнүндө эскертти.
Эскертүүдө: «Венесуэладагы бардык АКШ жарандары жана мыйзамдуу туруктуу жашоочулардын өлкөдөн дароо чыгышы сунушталат», — деп айтылды.
Эскертүүдө АКШнын 2019-жылы Түштүк Америка өлкөсүнүн борбору Каракастагы бардык дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кеткени кайталанып, өкмөттүн шашылыш же күнүмдүк консулдук кызматтарды көрсөтө албагандыгы билдирилип бул сөздөргө орун берилди: "Венесуэлада АКШнын жарандыгына же АКШнын башка жашоочу статусуна ээ болгон ар бир адам, анын ичинде Венесуэла же башка чет элдик паспорттор менен саякаттагандар, өлкөдөн тезинен чыгып кетиши керек. Эч кандай себеп менен Венесуэлага барбаңыз."
Эскертүүдө ошондой эле өлкө боюнча күйүүчү майдын, электр энергиясынын, суунун, дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын жетишсиздиги айтылган.
Америкалыктарды барбоого чакырганына карабастан, Мамлекеттик департамент Венесуэлага кирүүнү каалаган же дароо кете албагандар үчүн сактык чараларын белгилейт. Сунуштардын арасында керээз даярдоо, үй-бүлөсү менен байланыш протоколун түзүү, жеке күзөтчү жалдоо жана медициналык эвакуация камсыздандыруусун сатып алуу кирет.
Эскертүүдө акыркы болуп: "Венесуэлага баруунун коопсуз жолу жок",- деп айтылды.