ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
ЕПнын 60 депутаты ЕБни Израилге каршы санкцияларды талкуулоо үчүн шашылыш жыйын өткөрүүгө чакырды
Депутаттар Европа Биримдигинин Израилге карата саясатында кош стандарттарды колдонуп жатканын жана муну токтотуу керектигин баса белгилешти.
ЕПнын 60 депутаты ЕБни Израилге каршы санкцияларды талкуулоо үчүн шашылыш жыйын өткөрүүгө чакырды
60 депутат Европа Биримдигинин Израилге карата саясатында кош стандарт колдонуп жатканын жана муну токтотуу керектигин баса белгиледи.

Европа Парламентинин (ЕП) алтымыш депутаты Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Калласты Израиль өкмөтүнө каршы санкциялар боюнча макулдашууга жетишүү үчүн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин шашылыш жыйынын өткөрүүгө чакырды.

ЕПтеги ар кандай саясий топтордун 60 депутаты тарабынан Калласка жөнөтүлгөн катта, Тель-Авив 23-октябрда Эль-Халилде эки израилдик жоокердин өлүмүнөн кийин Батыш Шериага блокада киргизгени айтылды.

Парламенттин мүчөлөрү Батыш Шериадагы окуялар жамааттык жазалоо экенин баса белгилеп, "Эл аралык укук боюнча согуш кылмышы болгон жамааттык жазалоонун бул ыкмасы аркылуу Израиль өкмөтү Палестина аймактарын мыйзамсыз басып алууну бекемдөөнү жана Израилдеги шайлоолорго чейин чыңалууну күчөтүүнү көздөйт" деп билдиришти.

Эль-Халилде палестиналыктардын үйлөрү талкаланып, үй-бүлөлөргө үйлөрүнөн чыгууга беш мүнөт гана берилгенин айткан депутаттар: "Бул Батыш Шерианын жана Палестина мамлекетинин келечеги жагынан маанилүү бурулуш учур", - дешти.

Депутаттар Евробиримдик Израиль өкмөтүнүн Батыш Шериага жасаган ар тараптуу чабуулуна каршы унчукпай тура албасын, Евробиримдиктин Тель-Авивдин аракеттерин айыптап, Израиль аскерлеринин Батыш Шериадан чыгып кетүүгө чакырышын, Израиль өкмөтүнө каршы санкциялар боюнча макулдашуу үчүн тышкы иштер министрлеринин шашылыш жыйынын өткөрүүнү талап кылышты.

Евробиримдиктин Израилге карата саясатында кош стандарттарды колдонуп жатканы жана муну токтотуу керектигин баса белгилеген Европарламенттин депутаттары, Калласты Евробиримдик-Израиль өнөктөштүгү келишимин толугу менен токтотууну сунуштоого чакырды.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады