ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Вашингтондо Израиль элчилигинин эки кызматкеринин өлтүрүлүшүн айыптады
Элчиликтин кызматкерлери борбор шаардагы Еврей музейинде өткөн иш-чарадан чыгып бара жатып куралдуу кол салууга учурады.
Трамп Вашингтондо Израиль элчилигинин эки кызматкеринин өлтүрүлүшүн айыптады
/ AA
22 Май 2025

 АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин АКШдагы элчиси шаршемби күнү Вашингтондо Борбор шаардагы еврей музейине жакын жерде болгон жана Израиль элчилигинин эки кызматкери каза болгон куралдуу кол салууну айыптады. Окуяны еврелерге каршы кыймыл катары мүнөздөдү.

Трамп Truth Social платформасындагы билдирүүсүндө: "Ачык эле еврейлерге каршы багытталган бул коркунучтуу кылмыштар дароо токтотулушу керек! Жек көрүү менен радикализмге АКШда орун жок", - деп жазган.

Трамп курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, окуяны "кайгылуу" деп мүнөздөдү.

Кол салуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Израилдин АКШдагы элчиси Йехиел Лейтер курман болгондордун жакында  баш кошо турган  израилдик жаш жубайлар экенин билдирди.

Лейтер Трамптын Адилеттик министри Пам Бондинин арачылыгы менен өзүнө телефон чалганын жана дминистрациясынын антисемитизм менен күрөшүү үчүн колунан келгендин баарын жасоо убадасын бергенин белгиледи.

Лейтер Израиль менен АКШнын ортосундагы биримдикке басым жасап : «Бирдикте болобуз жана кылмыш жолу менен саясий пайда табууну ойлонгон кишилердин моралдык бузулушун жеңебиз»,- деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио : «Бул коркоктук жана еврейларга каршы зомбулук кыймылы. Күнөлүүлөрдү таап жоопко тартабыз»,- деди.

Куралдуу кол салуу Еврей музейинин тышындагы тротуарда болду жана Вашингтон полициясы шектүү кол салуучунун окуядан кийин музейге киргенин жана камакка алынгандыгын ырастады.

‘Кызыл сызык’

Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон:“Вашингтондогу Еврей музейинде уюштурулган иш - чара учурунда болгон кол салуу еврейлерге каршы жасалган терроризмдин акылга сыйбас актысы,” - деп билдирди.

Данон: "Дипломаттарга жана еврей коомчулугуна зыян келтирүү кызыл сызыктан өтүү болуп саналат. АКШ бийликтери бул кылмыш ишине жооптуу болгондорго каршы күчтүү чара көрөт деп ишенебиз. Израиль дүйнөнүн бардык жериндеги жарандарын жана өкүлдөрүн коргоо үчүн чечкиндүү түрдө аракеттенүүнү улантат", - деди.

Полиция башчысы Смит маалымат жыйынында полиция кызматкерлери шаршемби күнү кечки саат 21:00 чамасында музейдин жанындагы атышуу тууралуу бир нече чакыруу алганын билдирди.

Окуя болгон жерге бийлик өкүлдөрү келгенде, эркек киши менен аял эс-учун жоготкон жана дем албай жаткан абалда табылган. Тез жардам кызматкерлеринин бардык аракеттерине карабастан, экөө тең каза болгону жарыяланды.

Тез жардам унаалары менен полиция коопсуздук курчоого алып бейшемби күнү таңга чейин ошол жерде болушту.

Мэр Мюриэл Баузер журналисттерге: “Биз алдыдагы күндөрдө жана жума ичинде жамаат катары биригип, антисемитизмди кабыл албай турганыбызды ачык билдиребиз,” - деди.

“Биздин жамаатта активдүү коркутуу жок. Бирок бул окуянын шаарыбызда жана өлкөбүздөгү көптөгөн адамдарды коркутушу мүмкүн. Мындай зомбулукка жана жек көрүүгө жол бербей турганыбызды так билдиргим келет”,- деп билдирди Баузер.

Иликте
Афганистан Газага 500 тоннадан ашык жардам жөнөттү
8-TRT Humanitarian кинофестивалы үчүн кайрылуулар башталды
Палестинанын тышкы иштер министри Израилге карата мамиленин өзгөргөнүн айтты
Вьетнам Кытай менен кызматташуу келишимдерине кол койду
Рохинжалар менен бангладештиктерди ташыган кеме чөгүп, каза болгондордун саны белгисиз болууда
АКШнын Тынч океанда баңгизат аткезчилигине шектелген кемеге кол салуусунан төрт адам каза болду
Трамп Иран согушу "жакында бүтөт" деп айтты
Он өлкө Ливандагы кол салууларды "тез арада токтотууга" чакырды
Пакистандын премьер-министри Сауд Арабия, Катар жана Түркияга сапар тартат
25 кеме Ормуз кысыгынан өттү, АКШнын блокадасына карабастан деңиз кыймылы уланууда
IFRC Түркиядан Иранга көбүрөөк жардам жөнөтүүнү пландаштырууда
Макрон Трамп менен Пезешкианды тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды
Франция менен Британия "коргонуу максатында" Ормуз кысыгындагы коопсуздук миссиясын талкуулашат
Премьер-министр Мелони: Италия Израиль менен коргонуу келишимин токтотууда
Кытай менен Испания "кыйрап бараткан" дүйнөлүк тартипте биримдик жөнүндө билдирүү жөнөтүштү