ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Канададагы кол салуу боюнча жаңы маалыматтар чыгууда, Марк Карни эскерүү иш - чарасына катышты
Премьер-министр Мрак Карни 18 жаштагы кол салуучу тарабынан 8 адам өлтүрүлгөн Тамблер-Ридж кенчилер шаарчасына барып, курман болгондордун элесине гүл койду.
Канададагы кол салуу боюнча жаңы маалыматтар чыгууда,  Марк Карни эскерүү иш  - чарасына катышты
Карни Тумблер Риджге барат. Бул жерде Жесси Ван Рутселаар апасын жана өгөй бир тууганын өлтүрүп, андан соң мектепте мугалимди жана беш окуучуну аткан. / Reuters

Канаданын премьер-министри Марк Карни Британия Колумбиясынын алыскы Тамблер-Ридж шаарчасындагы убактылуу эстеликке гүлчамбар койду. Акыркы маалыматтарга ылайык, мектептеги кол салуудан сегиз адамдын каза болгону ортого чыкты.

Жума күнү Карни шейшемби күнү Тамблер-Ридж орто мектебиндеги кол салуудан кийин улуттук тилектештиктин белгиси катары оппозиция лидерлери менен бирге кенчилер шаарчасына барды. Бул окуя Канаданын соңку тарыхындагы эң катуу зомбулук фактыларынын бири катары катталды.

Полиция кол салуучунун 18 жаштагы Жесси Ван Рутселар экендигин аныктады.

Королдук атчан полициясы анын "аңчылык кылып жатканын" жана "белгилүү бир кишиге карата атайын бутага алуу болбогонун" билдирди.

Тергөө маалыматтарына караганда, Ван Рутселар үйлөрүндө 39 жаштагы апасын жана 11 жаштагы өгөй инисин өлтүргөндөн кийин мектепке барды; ал жерде беш окуучуну жана бир мугалимди атып өлтүрдү жана андан кийин өз жанын кыйды.

'Кечирилгис зордук-зомбулук'.

Өзүнчө жашаган атасы Жастин Ван Рутселар CBCге берген билдирүүсүндө бул “маанисиз жана кечирилгис зордук” үчүн» көңүл айтканын билдирди.

“Жооптуу кишинин биологиялык атасы катары сөз менен айтып жеткире алгыс кыйын абалда турам”,- деди.

Полиция шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, психикалык саламаттык көйгөйлөрүнүн бар экенин тастыктады.

Карни Ванкуверден болжол менен 1180 километр түндүктө жайгашкан Тамблер Ридж шаардык мэриясынын алдында өтө турган эскерүүдө сөз сүйлөй турганы күтүлүүдө.

Болжол менен 2 400 тургуну бар бул шаарча аза күтүүдө, курман болгондордун үй-бүлөлөрү эскерүүлөрүн бөлүшүүдө.

Карни буга чейин парламентте «бул балдар менен мугалимдери эч болбогон зомбулукка күбө болушту» деген.

Кол салуудан кийин Мюнхендеги Коопсуздук конференциясына катышуу пландарынан баш тартты.

Иликте
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Анталияда туризм активдүүлүгү жогорулады
Президент Эрдоган Ирактын премьер-министри Али Зейди менен сүйлөшүү өткөрдү
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Польшанын президенти Түркияга келет
Вэнс: Иран БУУнун ядролук инспекция агенттигинин кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө макул болду
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердимухаммедов Азербайжанда жолугушууларды өткөрдү