Кытай шейшемби күнү Тайвандын айланасында масштабдуу аскердик машыгууларды баштады. Армия, деңиз флоту, аба жана ракета бөлүктөрү катышкан машыгуулардын аралдын айланасында курчоого жана «так кол салууга» даярдыктар экендиги билдирилди. Бул боюнча Тайвань учактарын жана кемелерин аймакка жөнөтүп, кургактыктан учурулган ракета системаларын жайгаштырды.
Пекин бул машыгуулардын Тайвандагы жикчилдерге “катуу эскертүү жана күчтүү бөгөт коюу” максатын көздөгөндүгүн билдирди.
«Машыгууларга аба-деңиз согуштук даярдыгын көзөмөлдөө, артыкчылыкка ээ болуу, деңиздеги жана кургактагы бутага чабуул коюу, негизги аймактарды жана деңиз тилкелерин тосуу" кирди, - деди Чыгыш командирлигинин басма сөз катчысы полковник Ши Йи.
Ошондой эле Кытай бөлүктөрүнүн Тайванга “көп тараптуу мамиле жасап жаткандыгы" билдирилди.
Машыгуулар «көп тараптуу так сокку уруу» үчүн машыгууларды да камтууда. Кытай армиясы Weibo сайты аркылуу жарыялаган видеодо классикалык «Батышка карай жолчулук» романынын легендарлуу каарманы Сун Вуконгдун анимацияларын колдонуу менен пропагандасын жүргүздү. Видео спутниктер менен Тайвандагы буталарды белгилөө жана ракеталык чабуулдар менен аяктайт.
Аскердик каналдардан бөлүшүлгөн бир видеодо болсо Тайвандын лидери Лай Чинг-те чокто куурулуп жаткан бир курт сыяктуу сүрөттөлдү.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Гуо Цзякун тайвандык жетекчилердин көз карандысыздыкты талап кылуусу жана тышкы колдоо менен Кытайдан ажыроо аракетинин “ийгиликсиз болорун” билдирди.
Тайвандын коргоо министрлиги машыгууларга каршы учак жана кеме жибергендерин, кургактыктан абага атуучу ракета системаларын да жайгаштыргандарын билдирди. Тайвань өкмөтү Кытайды «дүйнөнүн эң чоң көйгөй жаратуучусу» деп айыптоодо.
Машыгуулар АКШнын коргоо министри Пит Хегсеттин жекшемби күнү Японияда жасаган билдирүүлөрүнөн кийин болду. Хегест АКШнын Тайвань кысыгындагы “тоскоолдукту” сактай тургандыгын айткан жана Пекинди «агрессивдүү» деп мүнөздөгөн.
Кытай акыркы жылдарда Тайвандын тегерегинде учактар менен деңиз элементтерин жайгаштырууну көбөйттү. Тайвандын коргоо министрлиги акыркы машыгууда 21 аскердик кемесин (Shandong учак кемеси), 71 учак жана 4 жээк коопсуздук кемесинин аныкталгандыгын билдирди. Машыгууда чыныгы ок - дары колдонулган жок.
Бул 2024 - жылы май айында кызматын баштаган Лай Чинг-теден кийин бир күндө аныкталган эң жогорку аскердик кеме саны болду. Машыгуу октябрь айында катталган 153 учак менен жасалган аба операциясынан кийин аба элементтери жактан да рекорддук деңгээлде болду.
Лай Кытайды «душман тышкы күч» деп мүнөздөп, Кытайдын тыңчылык жана инфильтрация ишмердүүлүгүнө каршы чараларды сунуштаган.
Потенциалдуу кагылышуу жери
Вашингтондо Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролайн Левитт АКШнын президенти Дональд Трамптын Тайван кысыгында тынчтыкты сактоонун маанисин баса белгилегендигин жарыялады.
Америка Кошмо Штаттарнын «күч же мажбурлоо жолу менен абалды өзгөртүүгө карата бардык бир тараптуу аракетине каршы экендигин» кайталады.
Европа Биримдиги да машыгуулардын кысыктагы чыңалууну күчөткөндүгүн белгилеп тараптарды «сабырдуу» болууга чакырды.
Кытай акыркы жылдарда Тайвандын тегерегинде бир топ чоң машыгууларды өткөрдү жана булар көпчүлүк учурда аралга карата курчоо же басып алуунун даярдыгы катары мүнөздөлдү. Адистер Кытайдын түздөн түз басып алуунун ордуна ар коркунучтуу метод катары курчоо сценарийлерине багыт алгандыгын ойлоп жатат.
Тайвандык аскердик эксперт Су Цзу-юн машыгуулардын май жана октябрь айларында өткөрүлгөн «Биргелешкен кылыч» маневрларына окшош экендигин айтты.
Тамкан университетинен Лин Йинг-ю машыгуулардын АКШнын коргоо министринин Азия-Тынч океан аймагына жасаган иш сапарынан кийин жасалганын, Кытайдын Трамп администрациясын сынаганын көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.
Кытай АКШнын Тайванга берген колдоого каршы чыгууда. 1979 – жылы Вашингтон «Бир гана Кытай» саясатын кабыл алуу менен Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбастан, Кытай Эл Республикасын Кытайдын бир гана мыйзамдуу өкүлү катары кабыл алган. Бирок АКШ Пекиндин Тайвань аркылуу эгемендүүлүк талаптарын расмий түрдө тааныган жок.
Тайвань дүйнөнүн жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүчүсү болуп саналат, бул Кытай-АКШ ортосундагы конкуренцияда потенциалдуу кагылышуу жери. АКШнын Тайванга курал жеткирүү боюнча мыйзамдуу милдети бар, бирок аралды коргоо үчүн түздөн-түз аскердик кийлигишүүдө болобу же болбойбу деген маселе боюнча “стратегиялык бүдөмүктүк" саясатын улантууда.
Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик 1949-жылы Кытайдагы жарандык согуштан кийин гоминданчылардын Тайванга чегингенишинен кийин башталган. Тайвань өзүн де-факто көз карандысыз мамлекет деп эсептейт, бирок көз карандысыздыгын расмий түрдө жарыялоодон алыс турат; бул да Пекин үчүн абсолюттук кызыл сызык.
Учурда Тайванды суверендүү мамлекет катары 11 мамлекет жана Ватикан гана тааныйт.














