Түрк аба жолдору жума күнү 75 Boeing B787 учагын сатып алууну пландап жатканын жана 150 737-8/10 MAX учактарын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаганын жарыялады. Бул келишимдер кыймылдаткыч өндүрүүчү CFM International менен болгон сүйлөшүүлөргө жараша ишке ашырылат.
Түрк аба жолдору Босфор Стамбул фондулук биржасына берген билдирүүсүндө Boeing компаниясынан 75 B787-9 жана B787-10 моделдерин сатып алуу чечимин чыгарганын, анын ичинде 50си так буйрутма, ал эми 25и опциялуу буюрутма экенин айтты.
Компания бул учактардын жеткирилиши 2029-жылдан 2034-жылга чейин пландалганын кошумчалады.
Учактар үчүн кыймылдаткычтар, запастык кыймылдаткычтар жана кыймылдаткычтарды тейлөө кызматтары боюнча Rolls-Royce жана GE Aerospace менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканы билдирилди.
Мындан тышкары, Түрк аба жолдору Boeing менен 150 учакты сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаганын ырастады. Бул буюрутмалар 100 так буюрутма жана 50 опциялык буюрутмадан турат, алар 737-8/10 MAX моделдерине тиешелүү.
737-8/10 MAX учактарына буюрутмалар кыймылдаткыч чыгаруучу CFM International менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктагандан кийин берилет.
Компаниянын билдирүүсүндө: «Бул буюртмалар менен биздин бардык флотубуз 2035-жылга чейин жаңы муундагы учактардан турат жана муну менен операциялык эффективдүүлүгүбүз күчөп, жылдык орточо өсүү темпин 6% түзөт», - деп айтылды.














