ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Путин өз жарандарын добуш берүүгө чакырды.
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Орусияда 3 күнгө созула турган парламенттик шайлоо өтүп жатат

Орусиялык шайлоочулар президент Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы жеңет деп күтүлүп жаткан үч күндүк парламенттик шайлоодо добуш бере башташты.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы Думадагы 450 орундун ээлерин аныктай турган шайлоонун жекшемби күнү саат 21.00гө (GMT 18.00) чейин созулушу жана алгачкы жыйынтыктардын дароо жарыяланышы күтүлүүдө.

2022-жылдын февраль айында Украинада масштабдуу чабуулдарды баштаган Орусия андан бери биринчи жолу шайлоо өткөрүүдө. Шайлоо Украинанын Орусия басып алган жана аннексиялап алган чыгыш аймактарында да өтүүдө.

Орус шайлоочулары жана талдоочулары азыркы Думада ансыз деле көпчүлүктү түзгөн президенттин партиясы “Бирдиктүү Орусия” шайлоодо жеңип, мыйзам чыгаруу органындагы үстөмдүгүн сактап калат деп күтүшүүдө.

Шайлоого «Бирдиктүү Орусиядан» тышкары Владимир Путинди жана Украинадагы жаңжалдын ар кандай деңгээлде уланышын колдогон партиялар гана — КПРФ коммунисттери, ЛДПР улутчулдары, «Адилеттүү Орусия» консерваторлору жана «Жаңы адамдар» либералдары— катышууга уруксат алышкан.

Шаршемби күнү кечинде телекөрсөтүү аркылуу кыскача сүйлөгөн сөзүндө орус президенти өз жарандарын добуш берүүгө чакырып, “Сиздердин тандооңуздар жана чечкиндүүлүгүңүздөр Украинадагы жаңжалда миллиондогон адамдар биздин согушкерлерди колдой турганын жана бирдиктүү экенибизди дагы бир жолу көрсөтөт” деди.

Экинчи жагынан, шайлоого катыштырылбаган сүргүндөгү оппозиция өзүнүн сан боюнча күчүн көрсөтүү үчүн «согушка каршы болгон бардык орустарды» ошол эле күнү жана бир убакта – 20-сентябрда түштө Владимир Путиндин партиясына каршы добуш берүүгө чакырды.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз