ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зеленский: АКШ Украина-Россия согушу июнь айына чейин бүтүшүн каалайт
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Вашингтон менен Москванын ортосунда өз алдынча түзүлө турган келишимге жол бербей турганын баса белгиледи.
Зеленский: АКШ Украина-Россия согушу июнь айына чейин бүтүшүн каалайт
БАЭ АКШ, Орусия жана Украина ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. / Reuters

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө, АКШнын Украина менен Россиядан согушту июнь айына чейин токтотууну суранганын жана келерки жумада эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы төрт жылга жакын убакыттан бери уланып жаткан кагылышууну токтотуу үчүн Москва менен Киевге кысым жасоодо жана акыркы убактарда Абу-Дабиде эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылды бирок ушул күнгө чейин жер маселеси боюнча мунасага келе алышкан жок.

Украинанын болжол менен 20 пайызын басып алган Россия келишимдин алкагында кошуна өлкөнүн чыгышындагы Донецк облусун толук көзөмөлгө алууну каалайт.

Бирок Украина Россияны кайрадан баскынчылык аракеттерине токтотпогон келишимге кол койбой турганын билдирүүдө.

Украинанын президенти ишемби күнү эртең менен коомчулукка жасаган билдирүүсүндө: «Америка Кошмо Штаттары биринчи жолу Украина менен Россиянын сүйлөшүүчү топторун бир жуманын ичинде АКШнын Майами шаарында жолугушуусун сунуштады. Алар бардык маселени июнь айына чейин чечүүнү каалап жатышканын айтышууда», — деди.

Зеленский өз өлкөсүнөн Россияга салыштырмалуу өтө чоң жеңилдиктерди берүү талап кылынып жатканына байланыштуу нааразычылыгын бир нече жолу билдирген.

Украинанын лидери, өзгөчө өлкөнүн эгемендүүлүгү тууралуу маселелерде Вашингтон менен Москванын Киевдин катышуусуз келишим түзүүсүнө жол бербей турганын баса белгиледи.

Зеленский эки тарап 2022-жылдан бери Москва тарабынан басып алынган Запорожье атомдук электр станциясынын көзөмөлү боюнча да «орток түшүнүшүүгө» келе албай жатышканын кошумчалады.

Эл аралык Атомдук Энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) ишемби күнү билдирүү жасап, Украинанын атомдук электр станциялары аскердик аракеттердин электр трансформаторлоруна таасирин тийгизиши, айрым электр линияларын үзгүлтүккө учуратышы менен ишемби күнү өндүрүш көлөмүн азайткандыгын билдирди.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат