ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түрк активисти: Грета Тунберг кыйноого алынып, Израилдин желегин өпкөнгө мажбурланды
Эрсин Челик: «Аны сойлотушту, Израилдин желегин өптүрүштү, кудум эле фашисттер кылганды кылышты»,- деди.
Түрк активисти: Грета Тунберг кыйноого алынып, Израилдин желегин өпкөнгө мажбурланды
Тунбергдин депортацияланганы же дагы эле Израилдин камагында экени белгисиз / Reuters

Түркиялык активист, Глобалдык Сумуд флотилиясында болгон Эрсин Челик, Израил күчтөрү швед климат активисти Грета Тунбергди, миссиянын дагы бир катышуучусун, эл аралык сууларда кемелер кармалгандан кийин катуу кыйноого дуушар кылганын айтты.

Челик, ишемби күнү Стамбулга келгенден кийин CNN Turk телеканалына берген маегинде, Израил аскерлери 22 жаштагы Тунбергди камакта кармап турганда кемсинткен мамиле жасаганын билдирди.

“Израиль күчтөрү Гретаны биздин көз алдыбызда катуу кыйнашты. Алар аны азапка салышты, Грета болгону жаш бала. Аны жөрмөлөтүп, Израиль желегин өптүрүштү. Алар так ошол нацисттер кылган иштерди жасашты.” - деди Челик.

“Алар аны эл алдында көрсөтүштү. Ал белгилүү инсан болгондуктан, аны атайын бутага алышты.”

Гуманитардык жардам миссиясынын бир бөлүгү болгон жана эл аралык сууларда Израиль тарабынан кол салуу болуп, камакка алынган активисттерди ташыган учак ишемби күнү түштөн кийин Стамбул аэропортуна конду.

Учак Израилдин Эйлат шаарындагы Рамон аэропортунан чыгып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:50дө (1250 GMT) Стамбулга жетти.

Гуманитардык флотилиядагы 137 адам, анын ичинде 36 түрк жана 23 малайзиялык жаран, бул учак менен келишти.

Тунберг депортацияланганбы же дагы эле Израилдин камагындабы, белгисиз бойдон калды. Ал дагы Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган, бирок Израилдин деңиз күчтөрү тарабынан токтотулган Мадлин аттуу кеменин катышуучусу болгон.

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду