ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Иран менен АКШнын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн "конструктивдүү" диалогду талап кылууда
Түркия эл аралык коомчулукту Израилдин Ливанга жасаган тынымсыз кол салууларына жана Газадагы тереңдеп бараткан гуманитардык кризиске каршы чара көрүүгө чакырды.
Түркия Иран менен АКШнын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн "конструктивдүү" диалогду талап кылууда
Түркия Иран менен АКШны ок атышууну туруктуу токтотууга чакырат. [Архивдик сүрөт] / AA

Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) Тегеран жана Вашингтон администрациялары убактылуу ок атышууну токтотууну туруктуу кылуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн «конструктивдүү» мамиле жасашат деген үмүтүн билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы, контр-адмирал Зеки Актүрк бейшемби күнкү жумалык маалымат жыйынында: «Биз Иран менен АКШнын убактылуу ок атышууну токтотууну туруктуу кылуу жана сүйлөшүү процессин улантуу үчүн акылдуулук менен конструктивдүү аракет кылуусун каалайбыз. Региондо туруктуулукту жана тынчтыкты орнотуу үчүн ар кандай колдоо көрсөтүүнү улантабыз», — деди.

Актүрк ошондой эле сүйлөшүү процесстери жүрүп жатканына карабастан, Израилдин Ливанга жасаган чабуулдарына жана Газадагы геноцидден улам келип чыккан гуманитардык кризиске каршы эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликти алышы керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Мындан сырткары, Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер ушул аптада Стамбулда өткөн SAHA 2026 коргонуу көргөзмөсүнүн алкагында Сомали, Косово, Кения, Кувейт, Мавритания, Судан жана Эстониялык кесиптештери баш болгон көптөгөн чет элдик коргонуу тармагынын жетекчилери менен жолугушканы айтылды.

Бул жолугушуулардын алкагында министр Гүлер Косово менен аскердик-финансылык кызматташтык келишимине, ал эми Кения менен коргонуу тармагындагы кызматташтык келишимине кол койду.

Басма сөз катчы Актүрк түрк куралдуу күчтөрүнүн жогорку даражалуу командирлиеринин да көргөзмө учурунда чет элдик өкүлдөр менен жолугушканын кошумчалады.

Ошондой эле, аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Зия Жемал Кадыоглунүн 11-14-май күндөрү Португалияга иш сапары менен бара тургандыгы, ал эми деңиз күчтөрүнүн командири адмирал Кадир Йылдыз Мадридде өтүп жаткан жана жума күнү аяктай турган «2026 Европанын деңиз күчтөрүнүн командирлеринин конференциясына» (CHENS) катышып жаткандыгы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Иликте
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Стамбул жээгинде эки коммерциялык кеме кагылышып, экипаждын 10 мүчөсү дайынсыз жоголду
Түркиянын адилет министри Гүрлек грек кесиптеши Флоридис менен сүйлөштү
Президент Эрдоган Путин менен жолугушту
Түркия космосту изилдөөдө жаңы кадам таштады: Артемида келишимине кол коюлду
Түрк коргоо өнөр жайы дүйнөлүк гиганттар менен атаандашууда
Министрлер Фидан менен Гүлер, Пакистандын Тышкы иштер министри Дар менен Бишкекке бара жатышат
Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Президент Эрдоган Шанхай саммитине катышат
Түркия Түндүк Кипрдин жээгинде оодарылып кеткен кемеде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Коммуникация башчысы Дуран 30-Август Жеңиш майрамы боюнча билдирүү жарыялады
Президент Эрдоган: «Эч ким Түркияны ыйык күрөшүнөн токтото албайт»
Тышкы иштер министрлиги: Эл аралык коомчулук Нетаньяху өкмөтүнүн калптарына ишенбейт
Түркия Кара деңиздеги кемелерге кол салуу боюнча Украинанын элчисин чакыртты
Жашыл деңиз таш бакалардын балдары  деңизге карай жол тартууда
Эрдоган: Түркия ислам дүйнөсүндө альянстарды кеңейтип, келишпестиктерди азайтууга аракеттенүүдө