ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Италия Түркиянын мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөөдөгү ролуна жогору баа берди
Эрдоган, Мелони жана Дибейбе адам сатуу түйүндөрүнө каршы күрөшүү, миграциялык агымдарды башкаруу жана Ливия жетектеген стабилдештирүү процессине колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен чаралар тууралуу келишти.
Италия Түркиянын мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөөдөгү ролуна жогору баа берди
/ AA

Италия Стамбулда Ливия менен өткөрүлгөн үч тараптуу саммит учурунда мыйзамсыз миграция агымдарын башкарууда Түркия менен кызматташуу тууралуу мактоо менен сөз кылды жана жыйынтыктарын “мыкты” деп мүнөздөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жана Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе жалпы кыйынчылыктарга каршы кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн жолугушту. Саммиттин негизги күн тартибин мыйзамсыз миграция маселеси түздү.

Мелони Түркия менен бул багытта жетишилген "мыкты натыйжаларды" белгилеп, Түркиянын кызматташтык тажрыйбасынан сабак алып, Ливиянын миграцияны башкаруу аракеттерин колдоого кызыкдар экендигин билдирди.

Италия өкмөтүнөн жасалган билдирүүдө : “Ушунун негизинде премьер - министр Мелони адам сатууга аралашкан эл аралык кылмыш тармактары менен күрөшүү, мыйзамсыз аракетерди алдын алуу, Ливия бетме - бет болгон миграция кысымын башкаруусуна колдоо көрсөтүү үчүн бир нече чара боюнча кесиптештери менен сүйлөштү”,- деп айтылды.

Лидерлер өзгөчө Ливиянын биримдиги, көз карандысыздыгы жана саясий туруктуулугуна колдоо боюнча милдеттенмелерин дагы бир жолу такташты.

Мелони БУУнун колдоосу менен ливиялыктардын өздөрү жетектеген саясий процесске колдоо көрсөтүп, ишенимдүү шайлоо өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө чакырды.

Үч тарап белгилүү бир убакыттын алкагында ташталуучу конкреттүү кадамдарды аныктоо үчүн техникалык деңгээлдеги талкууларды кайра баштоо боюнча макулдашты.

Түркиянын Коммуникация башкармалыгы Жер Ортолук деңизинде аймактык көйгөйлөргө, өзгөчө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө үч тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иликте
АКШнын өкүлү: Түркия менен АКШнын ортосундагы С-400 келишпестиги "чечилет"
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты