ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Палестина делегациясы Палестина мамлекетин таануу боюнча колдоо топтоо үчүн Европага сапарга чыкты
Газадагы согуш улантылып, өткөн айда Британия, Франция, Бельгия, Люксембург, Португалия жана башка өлкөлөрдүн расмий билдирүүлөрүнөн кийин Европадагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү эми Палестина мамлекетин тааныды.
Палестина делегациясы Палестина мамлекетин таануу боюнча колдоо топтоо үчүн Европага сапарга чыкты
Австралия, Канада сыяктуу европалык эмес бир катар өлкө акыркы убактарда бул өлкөлөрдүн катарына кошулду бирок бул кадамды Израиль катуу сынындады. / Reuters
16 Октябрь 2025

Шаршемби күнү Швейцарияга келген президенттиктин бир өкүлү Палестина бийлигинин өкүлдөрүнүн Палестина мамлекетин тааный элек өлкөлөрдү көндүрүү үчүн Европаны кыдырып жатканын билдирди.

Палестинанын мурдагы премьер-министри жана учурда президент Махмуд Аббастын атайын элчиси кызматын аткарган Мухаммед Иштиййе швейцариялык жогорку даражалуу дипломаттар менен жолугуп, Бернди "Палестинаны тааныган өлкөлөрдүн катарына кошулууга" үндөгөнүн билдирди.

Иштиййе ушул эле билдирүүнү жеткирүү үчүн Нидерландия жана Австрияга да бара турганын айтты. БУУнун кабарчылар ассоциациясы ACANU өткөргөн маалымат берүү жыйынында: «Балтика өлкөлөрүнө дагы бир делегация барат, президентибиз Италия жана Германияга барат деген ойдобуз», - деди.

Австралия жана Канада сыяктуу европалык эмес кээ бир өлкөлөр Палестинаны тааныган өлкөлөрдүн катарына кошулуп, бул кадамдар Израилдин катуу сынына кабылды.

"Палестинаны тааный элек 34 өлкө бар. Биз бул өлкөлөр менен байланыштабыз жана аларды Палестинаны тааныган өлкөлөргө кошулууга үндөш үчүн аракет кылып жатабыз",-деди Иштиййе.

Иштийе Швейцарияда тышкы иштер министри Игнацио Кассис менен жолугушканын билдирип:"Менин билдирүүм абдан жөнөкөй: Бул өлкө БУУнун агенттиктерин кабыл алат жана Женева конвенциялары сакталган жер. Швейцария өкмөтүн башка өлкөлөр сыяктуу Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырдым", - деди.

Швейцарияда Палестинаны таанууну көздөгөн айрым топтор болсо да, бул кадам убакытты талап кылышы мүмкүн. Жарандык коом уюмдарынан, бейөкмөт уюмдардан жана саясатчылардан турган коалиция ушул аптада Швейцариянын белгилүү түз демократия системасынын алкагында элдик референдум өткөрүү үчүн кол топтоону баштады.

Эгерде алар алдыдагы 18 айдын ичинде 100 миң кол топтой алышса, швейцариялыктар Швейцариянын Конституциясына “Палестинаны эгемен жана көз карандысыз мамлекет катары таанууну” киргизүү боюнча добуш беришет.

Иликте
Индия Бангладешке дизелдик күйүүчү майды шашылыш түрдө жеткирүүнү баштады
Эрдоган: Cогуш аймакка жайылып кете электе токтотулушу керек
Кремль: Кийинки Орусия-Украина-АКШ сүйлөшүүлөрү Стамбулда өтүшү мүмкүн
Согуштан алган жаракаттарына карабастан жаңы Жогорку лидердин "ден соолугу чың"
Израилдин Ливанда абадан жасаган чабуулдарынан кеминде 16 адам каза болуп, 26 адам жаракат алды
Эрдоган Түркияны диний эркиндиктин үлгүсү катары мисал келтирип, исламофобияга каршы эскертти
БУУ Газадагы жардам көрсөтүү иштерине күйүүчү майдын жетишсиздиги коркунуч туудуруп жатканын айтты
Австралия Ирандын аялдардан курулган футбол командасынын дагы эки оюнчусуна башпаанек берди
Эрдоган: Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Ирандагы согуштан улам үзгүлтүккө учурабашы керек
Сеул-Вашингтон аскердик машыгуулары уланып жатканда, Түндүк Корея экинчи канаттуу ракетасын сынады
Аббас Аракчи АКШнын пландаштырылган кол салуу боюнча дооматын «толугу менен жалган" деп четке какты
Ирандын аялдар футбол командасынын оюнчусу Австралиядан саясий башпаанек өтүнүчүнөн баш тартты
Орусия Ирандын Исфахан шаарындагы Орусиянын консулдугу бомбалоодон зыян тартканын билдирди
Швейцариянын батышында автобус өрттөнүп, алты адам каза болду
Трамптын  бири -  бири менен дал келбеген билдирүүлөрү согуштун белгисиздигин күчөттү