ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Египет менен Судандын тышкы иштер министрлери Суданда тынчтыкка жетишүү аракеттерин талкуулашты
Судандын министри «Египеттин Судандын эгемендиги жана коопсуздугу үчүн колдоосунан" улам к ыраазычылык билдирди.
Египет менен Судандын тышкы иштер министрлери Суданда тынчтыкка жетишүү аракеттерин талкуулашты
FILE PHOTO: Fleeing Sudanese seek refuge in Chad / Reuters

Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдулати шаршемби күнү судандык кесиптеши Омар Сыддык менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Суданда тынчтыкка жетишүү аракеттерин талкуулады.

Египеттин тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, эки тараптын "Египет да ичинде болгон Суданга карата эл аралык төрт тараптуу алкактагы сүйлөшүүлөр да болгон Египеттин Суданда тынчтыкты жана туруктуулукту түзүү, Судан калкынын ресурстарын коргоо аракеттерин" карап чыккандыгы маалымдалды.

Абдулати Египеттин «Судандын эгемендигин, улуттук институттарын жана өлкөнүн биримдиги менен аймактык бүтүндүгүн» колдой тургандыгын кайталап «Судандын биримдигине коркунуч келтире турган бардык кадамдарга» каршы экендиктерин баса белгиледи.

Сыддык болсо «Египеттин Судандын эгемендүүлүгү жана коопсуздугуна карата колдоону улантып жаткандыктан» ыраазычылыгын билдирди жана «эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү» каалагандыгын билдирди.

Ишемби күнү, жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (ЫКК) жетекчилигиндеги Судандын Уюштуруу альянсы, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири Мохамед Хамдан Дагало жетектеген параллелдүү өкмөттүн түзүлгөндүгүн жарыялады.

Ыкчам колдоо күчтөрү жана бир нече союздаш топтор 22-февралда Кенияда Суданда параллелдүү өкмөт түзүү жөнүндө хартияга кол коюшкан.

Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрү 2023-жылдын апрелинен бери уланып келе жаткан согушта бетме - бет. Бириккен Улуттар Уюмунун жана жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, согушта 20 миңден ашуун адам каза болуп, 14 миллион адам жер которгон. Бирок АКШ университеттеринин изилдөөлөрү каза болгондордун саны 130,000ге жакын экендигин болжолдп жатат.

Иликте
Путин: "Киев, ички саясий абалдан улам кризисти чечүүгө даяр эмес"
Фидан: "Биз өз ара пайданын негизинде Корея менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдете беребиз"
Энергетика министрлиги 7 жылда жасалган инвестициялар менен 7,62 миллиард түрк лирасын үнөмдөдү
Трамп эгерде макулдашууга жетишилсе Ирандын Жогорку лидери менен жолугушат
Өкүлдөр палатасы АКШ-Израиль аскердик интеграциясын коргоо долбоорунан чыгаруу аракетин токтотту
АКШ Кубанын лидери Мигель Диас-Канелге каршы санкцияларды киргизди
Израилдин Бейрутка карата коркутуулары күчөгөн сайын Ирандан "ракеталарыбыз даяр" билдирүүсү
АКШнын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун кабыл алды
Зеленский Путинди Түркияны белгилеп, "бейтарап өлкөдө түз жолугушууга" чакырды
Делидеги өлүмгө алып келген өрттүн көмүскөдөгү баатырлары мусулмандар
ЕБ Арменияга 50 миллион евродон ашык колдоо берет
УКМ: Греция менен Түштүк Кипр грек администрациясынын куралдануу аракеттери тыкыр көзөмөлдөнүүдө
Газиантеп-Халеп саммити Түркия менен Сириянын ортосунда жаңы соода көпүрөсүн куруу максатын көздөйт
Стубб Европа Биримдигинин Түркия жана Канаданы кошкондо 40 мүчөгө чейин кеңейиши керектигин айтты
Министр Фидан түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту