ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эмине Эрдоган 7-TRT World Citizen сыйлыктарында глобалдык өзгөрүүлөрдүн лидерлерин сыйлады
Кеченин эң таасирдүү учуру Газада өлтүрүлгөн журналист Яхя Барзакка арналган «Дүйнө жараны» номинациясындагы «Жылдын сыйлыгын» тапшыруу аземинде болду.
Эмине Эрдоган 7-TRT World Citizen сыйлыктарында глобалдык өзгөрүүлөрдүн лидерлерин сыйлады
Эмине Эрдоган Барзакка жана Израил тарабынан өлтүрүлгөн бардык палестиналыктарга таазим кылды. / AA

Жетинчи ирет өткөрүлгөн TRT World Citizen сыйлык тапшыруу аземи дүйнө жүзү боюнча гуманитардык багытта терең из калтырган инсандарды чогултту. Азем учурунда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Газада шейит болгон кабарчы Яхя Барзактын апасын кучактоосу кеченин эң таасирдүү учуру болду.

Жума күнү ТРТ тарабынан уюштурулган азем, жашоону жакшыртып, дүйнөнүн эң оор шарттарында адамдык кадыр-баркты коргогон педагогдорго, жаш лидерлерлерге, байланыш адистерине, архитекторлорго жана укук коргоочуларга сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине катышкан Эмине Эрдоган тилге, түскө жана географияга карабастан адамдарды бириктирген мындай маанилүү иш-чарада болгонуна кубанычта экенин билдирди.

Расмий X аккаунтунда бөлүшкөн билдирүүсүндө, иш-чара адамзаттын чек арасы жок экенин эске салганын жана сансыз аты жок баатырлар адилеттүү дүйнө үчүн күрөшүүнү улантып жатканын баса белгиледи.

Бул жылкы сыйлыктар түрдүү түрдүү тармактарды алдыга чыгарды.

Билим берүүдөгү сыйлык тапшыруулар Ливан жана Иорданияда он миңдеген качкын жана аз камсыз болгон балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзгөн санариптик окутуу ыкмасы үчүн Thaki платформасынын негиздөөчүсү жана башкы директору Рудайна Абдого тапшырылды.

Кайрымдуулук катары берилген компьютерлерди кайра иштетип, аларды интернетсиз иштөөчү окуу программалары менен жабдуу аркылуу Абдо айым билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен туруктуу жана укуктук негиздеги моделди түздү.

"Жаш лидер" сыйлыгы таштандыга толгон аймактарды кайра иштетилген материалдардан жасалган коопсуз оюн аянтчаларына айландырган экологиялык демилгеси үчүн нигериялык активист Амара Нвунелиге берилди.

Нвунелинин эмгеги экологиялык туруктуулукту гана колдобостон, балдардын ойноо укугун коргоп, миңдеген жеткинчектерге кубаныч тартуулоо менен бирге ушундай эле кыйынчылыктарга туш болгон коомдор үчүн үлгү боло турган моделди сунуштады.

Этикалык коммуникация тармагындагы "Байланыш адиси" сыйлыгы жасалма интеллект жана булут технологияларынын адам укуктарын бузууга колдонулушуна каршы принципиалдуу позициясын көрсөткөн программалык камсыздоо инженерлери Ибтихал Абусаад менен Вания Агравалга берилди.

Алар коомчулук алдында өз көз караштарын билдирүү менен, өзгөчө санариптик доордо маалымат алмашуу этикалык жоопкерчиликти талап кыларын жана технология адамзатка зыян келтирбестен, ага кызмат кылышы керектигин дагы бир жолу далилдешти.

Яхья Барзак

Кеченин эң таасирдүү учуру — «Дүйнө жараны» номинациясындагы «Жылдын сыйлыгын» тапшыруу аземинде бул сыйлыктын Газада шейит болгон кабарчы Яхья Барзакка арналышы болду.

Барзак 30-сентябрда Газада маалымат берип жаткан учурда Израилдин кол салуусунан каза болгон. Ал Израиль тарабынан ишке ашырылып жаткан геноциддик шарттарда карапайым калктын кыйынчылыктарын документтештирип жүргөн. Камерасы аркылуу жөнөкөй адамдардын бекем эркин, кадыр-баркын жана тарткан кыйынчылыктарын чагылдырып, чындыкты баяндаган чоң мурас калтырды.

Таасирдүү учур

Аземде Эмине Эрдогандын Яхя Барзактын апасын кучактоосу кеченин эң таасирдүү учуру болду.

Бул кучакташуу расмий протоколдун чегинен чыккан жалпы кайгыны жана мээримдүүлүктү символдоштурду. Бул көрүнүш жеке көңүл айтууну гана эмес, чоң жоготуу алдындагы орток сезимди жана биримдик тууралуу маанилүү билдирүүнү да чагылдырды.

Байкоочулар бул учурду кеченин эң таасирдүү көрүнүштөрүнүн бири катары мүнөздөштү; бул көрүнүш берилген сыйлыктардын негизги гуманитардык маңызын түздү.

"Өмүр бою жетишкендиктери үчүн" сыйлыгы кризистик жана кагылышуу болуп жаткан аймактарда акысыз медициналык мекемелерди курган италиялык архитектор Рауль Панталеого тапшырылды. Өмүрдү сактап калуучу кызматтарды сунуштаган имараттарды долбоорлоо менен, Панталео архитектура социалдык адилеттүүлүктүн жана тилектештиктин куралы боло аларын далилдеди.

Ошол эле учурда, мусулман коомчулуктарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын инклюзивдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алгачкы аракеттери үчүн Жухи Тахирге "Жеткиликтүүлүк" сыйлыгы ыйгарылды.

Эмине Эрдоган ар бир сыйлык ээсинин басып өткөн жолуна токтолуп, бул тажрыйбалар адамзаттын үмүтсүздүккө моюн сунбоо эркин көрсөтүп жатканын белгиледи. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда сансыз адамдар ак менен каранын ортосундагы түбөлүктүү күрөштө адилеттүүлүк тарапта болууну улантып жатканын айтып, бул чечкиндүүлүктүн адилеттүүлүк менен мээримдүүлүктү издеген ар бир инсанга күч жана дем берерин кошумчалады.

Иликте
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат
Тордун ханышалары Словения менен беттешет
Украиналык дрондор Самара облусундагы өнөр жай объектисин жана Ozon платформасынын кампасын атты
Иран армиясынын өкүлү: Иран армиясы коргонуудан чабуулга өттү
Израилдин расмий өкүлдөрү: Нетаньяху Түркия менен чыңалуунун "керексиз" күчөшүнө алып келүүдө
Колумбиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө; Түркия гуманитардык жардамды  көрсөтүүдө
Түркия Президент Эрдоганга карата айтылган пикирлерге байланыштуу Израилди сынга алды
Түркия жана 11 башка өлкө Сириядагы Израилдин соккуларына каршы чыкты
Түркия Интерполдон Нетаньяхуга каршы кызыл бюллетень чыгарууну суранды
Кыргызстан мунай импорттоо тармагын кеңейтүүдө
Индонезия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту