ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган: "БУУнун Коопсуздук Кеңеши адилеттүү жана инклюзивдүү болушу керек"
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун күнү жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 81 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.
Эрдоган: "БУУнун Коопсуздук Кеңеши адилеттүү жана инклюзивдүү болушу керек"
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган

Президент Эрдоган куттуктоосунда буларды белгиледи: «Өлкөмдүн жана элимдин атынан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) түзүлгөнүнүн 81 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Башкы катчы Антониу Гутеррешти, ошондой эле өлкөбүздө жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында кызмат өтөп жаткан БУУнун бардык кызматкерлерин куттуктайм.

Эки дүйнөлүк согуштан кийин «келечек муундарды согуш кырсыктарынан коргоо» максатында түзүлгөн БУУ алгачкы күндөрүнөн тартып эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө көмөктөшүү боюнча олуттуу жоопкерчиликти өзүнө алды.

Бүгүнкү күндө дүйнө туш болуп жаткан согуштар, гуманитардык кризистер, климаттын өзгөрүшү, ачарчылык, жакырчылык, расизм, ксенофобия жана исламофобия сыяктуу көйгөйлөр БУУнун негизги миссиясынын мааниси азайбаганын, тескерисинче, ого бетер жогорулаганын көрсөтүүдө.

Адамзат бүгүн да БУУнун Уставында белгиленген жалпы эрк ишке ашып, согуштар токтоп, туруктуу тынчтык орной турган келечекти эңсейт.

БУУ өзүнө жүктөлгөн асыл милдеттерди татыктуу аткарышы үчүн бардык өлкөлөрдүн Уюмдун Уставын бекем карманып, анын негизги органдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды колдоосу адамзаттын жалпы кызыкчылыгына жооп берет.

Бул жагынан алганда, БУУнун Коопсуздук Кеңешин адилеттүү, инклюзивдүү жана эл аралык коомчулуктун күтүүлөрүнө жооп бере тургандай кылып реформалоо өзгөчө мааниге ээ. Газада 74 миңден ашуун палестиналыктын өмүрүн алган геноцид жана дүйнөнүн башка аймактарындагы кризистер менен кагылышуулар бул реформанын зарылдыгын дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Ушул түшүнүк менен БУУнун башкы катчысы баштаган UN80 демилгесин колдойбуз. Ошондой эле Стамбулду БУУнун борборлорунун бирине айландыруу максатында Уюм менен тыгыз кызматташып жатабыз.

Ушул ойлор менен 24-октябрь — Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен куттуктайм. Эл аралык системаны жана анын өзөгүн түзгөн БУУну натыйжалуу жана инклюзивдүү кылуу боюнча аракеттерибизди улантууга болгон бекем ниетибизди дагы бир жолу ырастайм. Адилеттүү дүйнө мүмкүн экенине ишенем».

Иликте
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы